Ош шаарына качан жылуулук берилери айтылды

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Ош. Ошская область
Город Ош. Ошская область - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Жазылуу
Муниципалитет суу жылып, шаар тургундарына жеткенче дагы бир-эки күн талап кылынарын белгиледи.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ош шаарында эртең, 22-октябрдан тарта, жылуулук бериле баштайт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Эртеңден баштап жылуулук берилсе, суу жылып шаар тургундарына жеткенче дагы бир-эки күн талап кылынары белгиленди.
"Учурда жылуулук, электр энергиясы, газ менен камсыздап жаткан ишканалардын жетекчилерине тапшырма берилди. Мындан тышкары, көмүрдүн баасына болгон туруктуулукту сактап калуу үчүн антимонополиянын Ош шаарындагы кызматтары менен да иштешүүнү пландап жатабыз", — деди вице-мэр Сонун Жунусбаев.
Ош шаарынын мэриясы ар кандай кырдаалдардын алдын алуу үчүн шаар тургундарына көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддериндеги эшиктерин жаап, үйдүн эшик, терезелерин жылуулап, электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырууда.
Калаада 600дөн ашуун көп кабаттуу турак жай, 97 билим берүү, 32 саламаттык сактоо мекемеси, ошондой эле жогорку жана орто окуу жайларынын имараттары жылуулук менен камсыздалат.
Жаңылыктар түрмөгү
0