"Кондитердин" жеңүүчүсү Анара: миллион рублди эмнеге короторумду чечтим

© Фото / предоставлено Анарой МурзакуловойРоссиянын "Пятница" телеканалындагы "Кондитер" теледолбоорунун бешинчи сезонунун жеңүүчүсү Анара Мурзакулова. Архив
Россиянын Пятница телеканалындагы Кондитер теледолбоорунун бешинчи сезонунун жеңүүчүсү Анара Мурзакулова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Москвада жашаган кыргызстандык Анара Мурзакулова Россиянын "Пятница" телеканалындагы "Кондитер" теледолбоорунун бешинчи сезонунун жеңүүчүсү аталган.
Мекендеш 1 миллион рублден сырткары "Золотой венчик" титулун жеңип, "Россиядагы мыкты кондитер" наамына ээ болду. Долбоорго катышуу үчүн кастингге 10 миң киши барган.
Анара Мурзакулова менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы байланышып, баарлашты.
— Куттуктайбыз! "Россиядагы мыкты кондитер" аталдыңыз, жеңиштен кийинки сезимдер кандай болууда?
— Сүйүнүп отурам. Бир эле менин үй-бүлөм, туугандарым эле эмес, кыргыз элим да сүйүнүп турган кез.
— Биз берүү тартылып, монтаждалып, даяр болгонун көрдүк да. Негизи баары эле зымга тизгендей болбосо керек. Эмнеден кыйналдыңыз?
— Кыйынчылыктар көп эле болду. Долбоор үч күн тартылды. Таймашка катышкан атаандаштарым тарабынан көп басым жасалып, өчөшүү болду.
— Эсиңизде калган кызыктуу учурлардан бөлүшө кетсеңиз?
— Ренат Агзамовдун ар бир айткан сөзү мен үчүн мыйзам болду. Бул кишини Россия гана эмес, дүйнөдөгү кондитердин баары билет, ушул тармактагы абройлуу инсан. Ошондой эле ал кишинин торттору Америка, Сауд Аравия өңдүү өлкөлөргө буйрутма менен алдырылат. Агзамов менен жолугуп, сүйлөшүп калган көз ирмемдер аябай эсимде калды. Анын жанындагы Ольга Вашурина, Нина Тарасова, Сусанна Романовалар менен таанышканыма абдан кубанычтамын. Анткени баары мени таанып калышты, талантымды баалашты. Ушул долбоордон кийин күчтүү кондитер экенмин деген ишеним пайда болду.
© Фото / предоставлено Анарой МурзакуловойАнара Мурзакулова: катышуучулар атаандашып, "Анарага мындай десем аткарбай койду, укпай койду" деп даттангандар да болду
Анара Мурзакулова, победившая в пятом сезоне шоу Кондитер в Москве - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Анара Мурзакулова: катышуучулар атаандашып, "Анарага мындай десем аткарбай койду, укпай койду" деп даттангандар да болду
— Долбоорго кантип катышып калдыныз эле?
— Алгач Ренат Агзамовдун логотибин YouTube каналынан көрүп калып, долбооруна катышсамбы деген ой кеткен. Анан "аябай эле укмуш студия экен, катыша аламбы" деп эки анжы болдум. Бир нерсени максат кылып тилесең кудай жолуңду ачып берет экен. Ошентип буйрук менен долбоорго барып калдым.
— Жасаган эмгектериңиз (торт, десерт) башкалардыкынан эмнеси менен айырмаланат, эмнеге басым жасайсыз?
— Тортторум Instagram тармагында "Домашний торт Арууке" деген ат менен таанылган. Көпчүлүк тортту үйүндө жасайт экен деп ойлойт. Бирок меники үйдөн, айылдан келген табигый азыктардан: сүт, каймак, сүзмөдөн жасалган торттор. Бирок алардын технологиясын башкача ойлоп чыкканым үчүн тортторумдун рецеби үй шартында жасалат. Мисалы, "Сникерс" тортун жасоо үчүн адам таң калтыра турган азыктарды атайын сатып келбейм. Үйдө болгон азыктарды алам да жеке автордук технологиям менен жасайм. Менин өзгөчөлүгүм ушунда.
Торттордун сапатына, минимализмге, өзгөчөлөнүп турган декор, сыртын кооздоого басым кылам. Себеби азыр минимализм модада. Кээ бир буюртма бергендер кооздук көп болуусун талап кылышат, аларга айтканындай жасап берем. Тортторумду алгандардын ичинде "балдарым, күйөөм таттуу жебейт" дегендердин кайра келип буюртма берген учурлары болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Анара Мурзакулова (@domashniy_tort_aruuke)

— Долбоорду тартып жаткан учурда бут тосуулар болгон жокпу, атаандаштарыңызды кандай бааладыңыз?
— Көп тоскоолдуктарга туш болдум. Кимдир бирөөлөр мешти тепкилеп ачып, менин бисквиттеримди ыргытып жиберип же быша электе чыгарып салышып, меш талашып, кыскасы, ушундай жагымсыз жагдайлар болду. Аны камера жокто жасап жатышты. Камерага түшсө берүү "кызыгыраак" болмок. Баары эле мага атаандашып, "Анарага мындай десем аткарбай койду, укпай койду" деген даттануулар, "биз бул жакта үч күндөн бери жүрөбүз", "бир да сөзүңө түшүнгөн жокмун" деп мыскылдаган кыздар да чыкты. Айрым учурда чыдабай урушуп да кетип жаттым.
Бирок долбоорго катышкан ал кыздарга да ыраазымын. Себеби мага жакшы тажрыйба беришти. Адамдарды талдап, дагы жакындан билип калдым. Бул кыздарды да жаман дебейм, болгону мага жасаган мамилени айтып жатам. Башкысы, мындай таймашта өзүмдү кантип алып жүрүү керектигин үйрөндүм.
— Долбоордун башка катышуучуларынан жана Ренат Агзамов өңдүү Россиянын мыкты кондитерлеринен эмне үйрөнө алдыңыз?
— Агзамов кондитерликке атасы аркылуу келип калганын айткан. Мен дагы апам аркылуу келгем. Мага алгач баарын энем үйрөткөн. Долбоордогу устаттарым Диля Кабилова, Ренат Агзамовдор дүйнөлүк аренада иштеген күчтүү кондитерлер экенин, алардын чыныгы деңгээлин долбоордо жүрүп билдим. Ага чейин Агзамовдун маектерин, кеңештерин интернеттен көп укчумун. Ал эми Татьяна Атаманова да жогорку деңгээлдеги кондитер, окууну Франциядан бүтүп келген. Елена Шрамконун 1000ден ашык эл аралык сыйлыгы бар экен. Булардын баары менин устаттарым. Ушундай күчтүү кондитерлерден өз алдымча сабак алып, кондитердик көп сырларын үйрөндүм. Айрымдарынан онлайн да окугам. Долбоорго тартылып баштаганда ушул адамдардын ар бир айтканы, жасагандары эсиме келип, талантымды жакшы көрсөтө алдым. Кыргызстандык кондитер Диля Кабилова мага көп колдоо көрсөтүп, мотивация берип турду. Анын мастер-классына дүйнө жүзүнөн келишет. Экөөбүз уюштурган мастер-класстарга да Россиянын туш тарабынан келип катышып, Бишкектен да кыздар келген учурлар болот.
Мен да башында торт жасуучу фирмаларда иштегем, өз алдымча иштегениме беш жылдын жүзү болду. Катышуучулар деле менин деңгээлимдеги кондитерлер экен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Анара Мурзакулова (@domashniy_tort_aruuke)

— Россияда канча жылдан бери жашайсыздар?
— Россияга келгенибизге 15-16 жыл болду. Кудайга шүгүр, бул жакка келгени артка кетпей жалаң алдыга жылып келебиз. Апам да ушундай оптимист адам. Атам болсо 2008-жылы "Поле чудес" теле берүүсүнөн машина утуп алган. Мен 2006-жылы келсем, ата-энем 2003-жылы келген. Ошондон бери Россиянын жарандыгын алып жашап келе жатабыз. Азыр Москвада турабыз.
— Миллион рублди эмнеге короттуңуз же коротосуз?
— Албетте, жакшы нерсеге жумшайбыз. Азыр миллион рубль мурунку 100 миң рубль менен эле тең болуп калбадыбы. Жолдошум каржы жагынан абдан сабаттуу адам. Биринчиден, ал акчадан зекет беребиз. Андан кийин студия ачып кыргыз мигрант кыздарына кондитерликти үйрөтүүнү көздөп жатам. Алардын да жакшы жерлерде иштешин каалайм. Ушул максатты ишке ашырууга аракет кылып жатабыз.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Анара Мурзакулова (@domashniy_tort_aruuke)

— Жолдошуңуз кайсы тармакта иштейт? Жеңишке жетишкенде алгач жолдошуңуздун алдында "уят болуп калбоону" ойлогонуңузду журналисттерге айтыңыз...
— Жолдошум Москвада иштейт. Алгач Россияга келгенде бир фирмага ишке кирсем бир эле кыргыз бала иштейт экен. Анан ичимден "ии, ушул бала менин күйөөм болуп калса" деп эле койгом. Кудайдын буйругу экен, ушул жүрөгүмдөн чыккан сөздү периштелер жеткиргенби, төрт жылдан кийин ал жигитке турмушка чыгып калдым. Мен барган жылы ал ошол фирмада алтын медаль алып "эң мыкты кулинар" болуптур. Үйлөнүү тоюбузда да жолдошум экөөбүз меймандарга укмуш торт жасадык. Долбоордо чын эле чочулаганымдын себеби да бар. Анткени жолдошум да мыкты кулинар, ашпозчу. Экинчиден, экөөбүз сегиз жыл бирге жашап мурда көргөзбөгөн кыялдарымды, кылыктарымды долбоорго жөнөп жатып көргөздүм. Ошол себептен кийин уялып, "кантсе да утуп барышым керек" деген максат койдум.
Ошондуктан долбоордун жүрүшүндө да өзүмө мотивация берип, "Анара, сен кыйынсың. Карачы, канчалаган эл сени колдоп жатат. Алга, сен утасың" деп жаттым. Финалдан суперфиналга чыкканда деле оң кулагыма Ренат Агзамовдун "Анара, жеңүүчү Анара" деген үнү угула берди. 1-орунду алганда асманды карап, ыраазычылыгым кудайга жетсин деген ниетте кыйкырып, жүрөгүмдөн ыраазы болдум. Ошол убакта кудайды дагы бир эстедим.
Жеңишимди элиме арнайм. Алдыда "кыргызстандык кыздарды көтөрөм" деген чоң максатым бар. Буюрса, дагы токтобойм, жакшы иштерди жасап, максаттарымды ишке ашыра берем. "Кыргыздын кызы" деген жакшы ат калтыргым келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0