Кыргызстандын судьясы канча айлык аларын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековКөз айнек жана беш миң сомдук купюралар. Архив
Көз айнек жана беш миң сомдук купюралар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар Жогорку соттун судьялыгына талапкерлерди карашкан. Бул кызматка Аида Сейдакматова, Сулайманкул Атакулов жана Тыныбек Бекешов тандалды.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Судья Аида Сейдакматова ушул күнгө чейин 80 миң сом айлык алып келгенин айтты.
Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар Жогорку соттун судьялыгына талапкерлерди карашкан. Бул кызматка Аида Сейдакматова, Сулайманкул Атакулов жана Тыныбек Бекешов тандалды.
Талапкерлерди талкуулап жаткан учурда депутат Ирина Карамушкина судьялардын айлыгына кызыккан.
Сейдакматова Ленин райондук сотунун азыркы төрайымы катары канча аларын ачык айтты. Ошондой эле айлык чегерүүдө анын чини менен эмгек тажрыйбасы эске алынарын белгилеген.
"Мен тажрыйбасы жетиштүү судьямын. Сырдуу материалдар кайда жайгашканын билем. Мындан улам акча кошулат. Буга чейин 40 миң сом айлык алчумун. Азыр жакында эле маяна көтөрүлгөндөн бери 80 миң сомдон ала баштадым. Башка учурда судьяларга андан аз төлөнөт. Баарыныкы бирдей эмес. Эмгек тажрыйбасы меникиндей кесиптештер 30 миң сомдон алат, ага сөзсүз кошумча акы кошулат", — деди судья.
Карамушкина айлык акы өтө жогору экенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0