13:38 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
409 0 0

Буга чейин УКМК тарабынан мамлекеттин айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуунун жол-жоболоруна анализ жүргүзүлүп, натыйжасында айыл чарба азыктарын экспорттоодо жасалма тоскоолдук жараткан топ аныкталган.

БИШКЕК, 20-окт. – Sputnik. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндөө бөлүмүнүн башчысы Ж.Н.Н. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Буга чейин УКМК тарабынан мамлекеттин айыл чарба азыктарын ЕАЭБ өлкөлөрүнө ташуунун жол-жоболоруна анализ жүргүзүлүп, натыйжада айыл чарба азыктарын экспорттоодо жасалма тоскоолдук жараткан топ аныкталган.

"Мындай аракеттердин жыйынтыгында өндүрүүчүлөр ЕАЭБ өлкөлөрүнө азыктардын үзгүлтүксүз өтүшү үчүн кызмат адамдарына жана логистикалык компанияларга ири суммадагы акча төлөөгө мажбур болушкан. Тергөөнүн алкагында кылмышка тиешеси бар делип Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү  министрлигинин өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндөө бөлүмүнүн башчысы кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ишин улантууда.

Тема боюнча

Столдун суурмасынан санап... Чек ара кызматынын жетекчилери кармалган видео
Айдоочулардан акча алган. "Достук" пункту менен Чек ара жетекчилери кармалды
Белгилер:
УКМК, министрлик, айыл чарба, Евразиялык экономикалык биримдик, кылмыш, шектүү

ЭҢ МААНИЛҮҮ