Бийлик жети миллионунчу кыргызстандык качан төрөлө турганын айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы төрөлгөн ымыркай. Архив
Жаңы төрөлгөн ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча улуттук программада Борбор Азиянын аймагында демографиялык кысым байкалып, миграциялык процесстердин динамикасын шарттай турганы да айтылган.
БИШКЕК, 20-окт.— Sputnik. Кыргызстандын жети миллионунчу тургуну 2025-жылдын аягында төрөлүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу бийлик кабыл алган 2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча улуттук программада жазылган.
Маалым болгондой, анда демографиялык кырдаалга анализ жасалган.
"Кыргызстандын калкынын саны өсөт. 2025-жылдын аягында өлкөнүн жети миллионунчу тургуну жарык дүйнөгө келиши күтүлүүдө. Борбор Азиянын аймагында элдин саны көбөйүп, бул миграциялык процесстин динамикасын шарттайт", — деп жазылат программада.
Бишкек жана Ош, Жалал-Абад шаарларында жашоочулар көбөйүп жатканы белгиленип, мындай жагдай келечекте социалдык-экономикалык инфраструктурага, экологияга жана тамак-аш коопсуздугуна күч келтирерин көрсөтөт.
БУУнун Жаштар жана калктын динамикасы программасынын аналитиги Бактыбек Кайназаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Радио
Кайназаров: демографиялык саясатка көңүл бурулушу зарыл
"Ишке жарамдуу жаштар аталган эки зонага топтолгондуктан өлкөдө жумушсуздук күч алып, ал 2030-жылы чегине жетет. Бул мезгилде жумуш рыногуна жылына 350 миңге чейин адам чыгып турат. Ошондой эле пенсияга чыккандардын саны жылына 20 миңге өсүп турат", — деп айтылат маалыматта.
Мунун баарын пенсия саясаты, саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү жана социалдык кызматтар рыногунун алкагында эске алуу керектиги кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0