Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Ооругандар көп, айрым балдар аягына чейин дарыланбай калууда. Бишкектеги эпидкырдаал

© Sputnik / Табылды КадырбековБала капельница учурунда. Архив
Бала капельница учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Медиктин айтымында, Бишкек шаардык клиникалык балдар ооруканасындагы педиатрлар бөлүмүндө 50 гана орун бар.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Ооруканага кайрылгандар көп болгондуктан айрым балдарды аягына чейин дарылабай эле чыгарып жатабыз. Бул тууралуу Бишкек шаардык клиникалык балдар ооруканасынын дарылоо иши боюнча башкы дарыгеринин орун басары Жамиля Анакеева билдирди.
© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаардык клиникалык балдар ооруканасынын дарылоо иши боюнча башкы дарыгеринин орун басары Жамиля Анакеева
Заместитель главного врача по лечебной работе Городской детской клинической больницы скорой медицинской помощи Жамиля Анакеева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Бишкек шаардык клиникалык балдар ооруканасынын дарылоо иши боюнча башкы дарыгеринин орун басары Жамиля Анакеева
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Балдар арасындагы сасык тумоо. Кичинекейлерди  коронавирустан кантип коргойбуз?" аттуу брифингге катышкан.
Медиктин айтымында, аталган оорукана пандемия башталгандан бери балдардын жугуштуу илдеттер стационарына айланган.
"Акыркы күндөрү тумоолоп калган балдарды көп алып келип жатышат. Эгер буга чейин педиатрларга 200гө чейин адам кайрылса, соңку күндөрү бул сан 370-400гө чыкты", — деди Анакеева.
Дарыгер азыркы тапта вирустук инфекция жүрүп жаткандыгын жана анын курс белгилери төмөнкүдөй экендигин айтты. 
  • кичинекейдин дене табы 40-41 градуска чейин көтөрүлөт;
  • эти ысыгандан улам көпчүлүгүндө калчылдоо пайда болот;
  • биринчи күндөрү баланын көтөрүлгөн температурасын түшүрүү оңойго турбайт.
Анакееванын айтымында, аталган ооруканада педиатрлардын бир эле бөлүмү бар. Ал дагы 50 гана орунга ылайыкташылган.
Ооруканадагы бейтап. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Аалиев: COVID өсө баштады, реанимациядагылардын бирөө да эмделген эмес
"Тилекке каршы, ал жакта бош орун болбойт. Медициналык жардамга өтө зарыл болгондор көп кайрылгандыктан кээ бир балдарды аягына чейин дарылабай, үйүнө жиберип жатабыз", — деди ал.
Белгилей кетсек, Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору дем алышсыз иштеп жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0