Дарыгер стресстен арылууга жардамдашчу азыктарды санап берди

© Фото / Pexels / Alex GreenТизесин кармап отурган кыз. Архив
Тизесин кармап отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Диетолог биринчи кезекте магнийге бай азыктарды жеш керектигин айтты. Аны жаңгактын түрлөрүнөн, малина, кара бүлдүркөн (маймынжан), грейпфрут, авокадодан алууга болот.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Эндокринолог жана диетолог стресстен арылтып, уйкуну жакшырткан азыктарды санап бергенин Р-Спорт жазды.
Анын айтымында, биринчи кезекте магнийге бай азыктарды жеш керек. Аны жаңгактын түрлөрүнөн, малина, кара бүлдүркөн (маймынжан), грейпфрут, авокадодан алууга болот.
"Ошондой эле В тобундагы витаминдерди колдонуу зарыл, ал жашылча менен көк-сакта көп. Омега-3 кислотасы да нейрондордун ишин жакшыртып, стресске туруктуу болууга көмөктөшөт, муну балык менен креветкадан алууга болот. Мындан сырткары, нерв системасын жабыркатпай стресстен чыгууга сельдерей, банан, какао жардамдашат", — деген диетолог.
Адис нокот, күн караманын уругу куунак жүрүүгө өбөлгө болорун айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0