05:59 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Коом
Кыскача шилтеме алуу
383 0 0

Сыйлык Кыргызстанда ракка каршы күрөштө олуттуу салымын кошкон, өлкөдө кайрымдуулуктун үрөнүн сээп, филантропия маданиятын түптөгөн адамдарга, уюмдарга ыраазылык билдирүү иретинде биринчи ирет тапшырылды.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында Салтанат Саматова атындагы "Жардамга сунган колумду карма" деп аталган сыйлыкка ээ болгон тараптар сыйланды. Бул туурасында анын уюштуруучулары, "Помогать легко" коомдук фондунан билдиришти.

  • Первая леди КР Айгуль Жапарова на церемонии вручения премии имени Салтанат Саматовой Держи мою руку
    Бишкек шаарында Салтанат Саматова атындагы "Жардамга сунган колумду карма" деп аталган сыйлыкка ээ болгон тараптар сыйланды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Статуэтки премии имени Салтанат Саматовой Держи мою руку
    Аталган фонд жылдын башында Салтанат Саматова атындагы сыйлыкты түптөгөн
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сегодня, 18 октября в 19.00, состоялось награждение лауреатов и победителей премии имени Салтанат Саматовой Держи мою руку
    Ал Саматованын кыргызстандыктардын жүрөгүндө өзүнүн жардамга кол сунгандыгы, чыгармачылыгы, филантропияга салымын кошкондогунун урматына арналып уюштурулган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ведущие на церемонии вручения премии имени Салтанат Саматовой Держи мою руку
    Анын оор илдет менен күрөшүүсү онкологиялык илдетке чалдыккан көптөгөн адамдарды илдетин жашырбай жашап, андан аркы кадамын жасоого, чүнчүп калбоого, ооруну жеңүүгө шыктандырган
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Первая леди КР Айгуль Жапарова на церемонии вручения премии имени Салтанат Саматовой Держи мою руку
    Салтанатты Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова ачып, Салтанат Саматованын туугандары жана жакындары, фонддун өнөктөштөрү, Кыргызстандагы чет мамлекеттентин элчиликтеринин өкүлдөрү келген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 5
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкек шаарында Салтанат Саматова атындагы "Жардамга сунган колумду карма" деп аталган сыйлыкка ээ болгон тараптар сыйланды

Аталган фонд жылдын башында Салтанат Саматова атындагы сыйлыкты түптөгөн. Ал Саматованын жардамга кол сунгандыгы, чыгармачылыгы, филантропияга салымын кошкондогунун урматына арналып уюштурулган. Анын оор илдет менен күрөшүүсү онкологиялык илдетке чалдыккан көптөгөн адамдарды илдетин жашырбай жашап, андан аркы кадамын жасоого, чүнчүп калбоого, ооруну жеңүүгө шыктандырган.

Сыйлык Кыргызстандагы ракка каршы күрөштө олуттуу салымын кошкон жана өлкөдө кайрымдуулуктун үрөнүн сээп, филантропия маданиятын түптөгөн адамдарга, уюмдарга ыраазылык билдирүү иретинде биринчи ирет тапшырылды.

"Бул - мыкты долбоорлор, демилгелер, онкологиялык ооруга кабылгандар үчүн жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык тейлөөнү арттыруу, азыр дарылануудан өтүп жаткандардын жашоосунун деңгээлин көтөрүү максатын көздөө үчүн уюштурулган сыйлык", - деп айтылат маалыматта.

Салтанатты Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова ачты. Иш-чарага Саматованын туугандары жана жакындары, фонддун өнөктөштөрү, Кыргызстандагы чет мамлекеттин элчиликтеринин өкүлдөрү келген.

"Жакшылык жаса" номинациясына "Ас Сафа борбору" татыды. Ал эми "Персона" номинациясы Ош шаарындагы оор илдетине карабай балдарды дарылоого кайткан Зуура Аттокуровага ыйгарылды. Ал эми "Эч нерсеге моюн бербей" номинациясын стигмага карабай өмүрү үчүн күрөшүп, өзүнүн оорусу тууралуу жеке блогунда жашырбай ачык айтып келе жаткан, үч баланын энеси, каарман айым Жамиля Байгазиевага берилди.

Мындан сырткары, бул иш-чарада ракты алдын алуу жана ал туурасында маалымат берүү боюнча "Жардамга сунган колумду карма" деп аталган маалыматтык кампания башталганы расмий жарыя кылынды.

Салтанат Саматова узакка созулган оорудан улам 2018-жылы 15-августта көз жумган. Ал жети жыл рак илдети менен күрөшкөн. Саматова 46 жашында дүйнө салган. Онкологиялык ооруга кабылган балдарга жардам көрсөтүү максатында "Помогать легко" коомдук фондун негиздегендердин бири болгон.

Тема боюнча

Бишкекте "афганчыларга" сыйлык тапшырылып, гуманитардык жардам берилди. Сүрөт
Белгилер:
Кыргызстан, Салтанат Саматова, рак, сыйлык

ЭҢ МААНИЛҮҮ