13:36 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Коом
Кыскача шилтеме алуу
585 0 0

Гифу университетинин окумуштууларынын айтымында, чылымдын түтүнү тарткандарга эле эмес, алардын жанында тургандардын да көзүнө кесепетин тийгизиши мүмкүн.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Окумуштуулар тамекинин көзгө кандай зыян келтирерин жаңы иликтөөлөрүндө да аныктап чыккан. Бул туурасында Scientific Reports журналы жазган.

Чылымдын көздүн борбордук көрүүсүн камсыздаган фукциясына, глаукома менен катарактанын жаралышына таасирин тийгизери белгилүү. Мунун бардыгы көрүү органынын ички бөлүгүнө: эң ички челине, чечекейине, нервдерине тиешелүү.

Эми фармацевтикалык Гифу университетинин (Япония) окумуштуулары чылым көздүн сыртына, тагыраагы, түстүү челди жана каректи сыртынан каптап турган айнектей тунук челге зыянын тийгизерин аныктап чыгышкан.

"Бул көздүн коргоосуз болгон бөлүгү, көбүнчө айлана-тегеректеги нерселерден, химикаттардан, жарыктан жана инфекциялардан жабыркайт. Чылым чеккендер болжол менен алганда көздүн кургап кеткен синдромуна эки эсе көп кабылат. Көз кызарып жана суюктуксуз болот да, инфекцияларга туруштук бербей калат. Эгерде тамекинин түтүнү жана чылымдын ысыгандагысы айнек челге зыянын кандай тийгизгендигин аныктап алсак, анда аталган бөлүктү кантип ыңгайлуу кылып сактоонун жолун да табат элек", — деп айтып берген илимий изилдөөнүн автору Ватару Оцу.

Изилдөө түтүндүн курамындагы заттар айнек челдин сыртына темирдин улам жыйылып туруп калышына алып келерин, андан улам клеткалар өлөрүн көрсөткөн.

Окумуштуулар мындай зыян тамеки тарткандарга эле эмес, анын жанындагыларга да кесепетин тийгизиши мүмкүндүгүн айтышкан.

Тема боюнча

Окумуштуулар чылым чегүүнү таштагандар эмнеге семирип кетерин түшүндүрдү
Психолог кеңсе кызматкерлери үчүн чылымды таштоо эмнеге кыйын экенин айтты
Белгилер:
Япония, окумуштуулар, чылым, көз, зыян, изилдөө, карек

ЭҢ МААНИЛҮҮ