19-октябрда Бишкектин айрым бөлүгү жарыксыз калат. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековКүйүп турган шам. Архив
Күйүп турган шам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
Электриктер тобу турак үйлөрдөгү жабдууларды оңдоо менен алектенишет. Мындан тышкары, трансформатордук көмөк чордондордун ишин карашат.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Шейшемби күнү, 19-октябрда, Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.
Электриктер тобу турак үйлөрдөгү жабдууларды оңдоо менен алектенишет. Мындан тышкары, трансформатордук көмөк чордондордун ишин карашат.
Өчүрүүлөрдүн графиги:
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Ак-Босого конушунун бир бөлүгүндө (Чүй 16 көчөсүнөн Чүй 22ге чейин, Чүй 30 көчөсүнөн Чүй 41ге чейин, ошондой эле Түлөбердиев, Саадаев, Манас, Архитектордук көчөлөрүндө), Ак-Ордо конушунда (Жакшылык, Дулдул, Гагарин көчөлөрүндө) жана Токтоналиев көчөсүндөгү №20 үйдө. Мындан сырткары, Чоң-Арык айылында (Кожобергенов, Мусулманкулов, Горная, Береговая, Ямбургская, Дачная көчөлөрүндө) электр кубаты өчүрүлүшү күтүлүүдө;
  • 9:30дан 12:00гө чейин — Төкөлдөш конушунун бир бөлүгүндө (Армия, Менделеев, Октябрь, Төкөлдөш көчөлөрүндө);
  • 9:30дан 17:00гө чейин — №3 кичи райондогу №19 үйдө;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — Көк-Жар конушунун айрым бөлүгүндө (Кулмурзаев, Молдокулов, Чар көчөлөрүндө);
  • 11:00дөн 15:00гө чейин — №5 кичи райондун кээ бир тарабында (№ 1, 1/1, 22/1, 3, 3/1, 4/1, 4/2, 6-8 үйлөрүндө);
  • 13:00дөн 17:00гө чейин — №5 кичи райондогу №58, 66 үйлөрдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0