Бишкекте коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке түшөт. Видео

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүБишкекте коомдук транспорттор үчүн өзүнчө тилке. Архив
Бишкекте коомдук транспорттор үчүн өзүнчө тилке. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
Пилоттук долбоорду ишке ашыруу үчүн шаардын Токомбаев көчөсү тандалды. Кийинчерээк дагы төрт көчө кошулмакчы.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бишкекте коомдук транспорттор үчүн өзүнчө тилке уюштуруу пландалып жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
"Автобустун ылдамдык системасы" долбоорун ишке ашыруу үчүн Токомбаев көчөсү сунушталган. Кийинчерээк Жукеев-Пудовкин, Москва, Киев көчөлөрүндө жана Жибек Жолу проспектинин Батыш автовокзалдан Жаш Гвардия проспектине чейинки бөлүгүнө өзүнчө тилке кошуу пландалууда.
Эске салсак, 1-ноябрдан тарта баш калаадагы коомдук транспорттордо жол киренин тарифи жогорулайт. Автобус жана троллейбустарда жол кире 11 сом (мурда 8 сом) болсо, маршруттук кичи автобустарда 15 сом (буга чейин 10 сом) болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0