Дарыгер күздөгү уйку басууну кантип жеңсе болорун айтып берди

© Фото / Pexels / Karolina GrabowskaАял китеп окуу учурунда. Иллюстративдик сүрөт
Аял китеп окуу учурунда. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
Сомнолог беймаал уйкусуроодон кандай учурда өз алдынча кутулса болорун, кайсы мезгилде дарыгерге кайрылуу зарыл экенин түшүндүрдү.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Күз канчалык жаанчыл болуп, күн бүркөлүп турса адамды ошончолук уйку басат. Мындай абалды жеңүүнүн жолдорун сомнолог Михаил Полуэктов Sputnik радиосунун эфиринде айтып берди.
Дарыгердин пикиринде, түнкү уйкудан калып же ооруп жатпаган учурда уйкуңуз келсе, бир чыны кофе эң сонун жардам берет.
"Кофеин уйкуну ачарын баарыбыз жакшы билебиз. Ал адамдардын гана эмес, чычкандардын, курт-кумурскалардын жана балыктардын уйкусун ача алат. Эгер бир нече күн катары менен күндүз уйку басса, демек, уктоо режимин бир аз өзгөртүү керек. Жок дегенде мурдагыдан 1-2 саат көбүрөөк уктаганга аракет кылыңыз", — деди дарыгер.
Ал эми көп уктап, ойдогудай эс алган учурда дагы уйку канбаса, анда дарыгерге кайрылуу зарыл. Анткени бул күздө курчуй турган психологиялык оорулардын белгиси болушу мүмкүн. Мисалы, депрессияга күзүндө жер жүзүндөгү адамдардын 10 пайыздан ашыгы кабылат. Бул илдет көпчүлүк учурда адамдын алын кетирип, уйкусун келтирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0