Өткөн суткада 70 кишиден коронавирус табылып, эки адам көз жумду

© REUTERS / STEPHANE MAHEМедик ПЦР-тест учурунда. Архив
Медик ПЦР-тест учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
Коронавирустан каза болгон эки адамдын тең вакцина албаганы айтылды. Азыркы учурда ооруканаларда 542 бейтап дарыланып жатат.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 70 кишиден COVID табылып, 45 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 39;
  • Ош шаары – 2;
  • Чүй облусу – 8;
  • Ош облусу – 3;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 12.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 179 913кө жетти. Анын ичинен 174 692 киши дартты жеңген. Кечээтен бери коронавирус эки адамдын өмүрүн алды. Экөө тең коронавируска каршы эмделген эмес. Муну менен илдеттен көз жумгандардын жалпы саны 2 636га жетти.
Азыркы тапта стационарда 542, ал эми амбулатордук шартта 539 адам дарыланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0