Кайненем "үйүң жок" деп аялым менен уулдарымдан ажыратты. Мигрант жигиттин каты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүБет капчан адам. Архив
Бет капчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.
"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына аялы менен ажырашууга мажбур болуп арга таппай турган жигиттин катын жарыялайбыз.
Саламатсыздарбы! Мен буга чейин эч бир психологго кайрылып көргөн эмесмин. Муну эркек үчүн туура эмес көрүнүш катары кабыл алчумун. Кыйналып, айлам кетип турат. Үй-бүлөлүүлүмүн, эки уулум бар, улуусу үч, кичүүсү эки жашта. Жубайым менен бир айча сүйлөшүп, анан ала качып үйлөнгөм. Баш кошконубузга быйыл төрт жылдын жүзү болду. Өзүм үй кура электигиме байланыштуу ата-энемдин колунда турчубуз. Менин көп убактым Москвада иштөө менен өттү. Балдарым чоңойгондо жакшы шарт түзүп берүүнү максат кылчумун. Ошентип мен Москвада иштеп жүргөн убакта аялым төркүнүнө кетип, келбей койчу адат таап алды. "Үйгө кел, ата-энеме кызмат кыл" десем, "сиз жок болсоңуз, эмнеге барам?" деп келбей коёт эле. Балдарым үчүн анысына деле көп көңүл бурган эмесмин.
Аял китеп окуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Өзүм үчүн жашагым келет, бирок уул-келинден чочулайм. Жесир аялдын каты
Москвадан келгениме үч ай болду. Келгенде "болду эми, адамча жашайлы" деп алып келгем. Жакшы эле жашап жатканбыз, арадан бир ай өткөн соң кайнатам кайтыш болуп калды. Жубайым "апам жалгыз калды" деп балдарды алып кетип, ошол бойдон келбей жатат. "Кел, балдарды тирүүлөй жетим кылба. Чогуу жашайлы" деп чакырсам да көңүлү жок. Угушума караганда кайненем "төрт жыл ичинде салбаган үйдү эми салмак беле? Көчөдө каласың" деп жибербей жатыптыр. Эми сотко кайрылсамбы деп ойлонуп жатам. Улуу баламды өзүмө ала аламбы? Кантсем болот?
Психолог Гүлнара Жасоолова:
— Үй-бүлө курулгандан кийин аны сактап калууга жана бекемдөөгө бардык шартты түзүү керек. Андан ары түгөйлөр алдыга бирге план коюп, аны ишке ашырууга чогуу аракет кылганы жакшы.
"Аялым ата-энеме кызмат кылышы керек, ал төркүнүнө кетип калды" дегендик — үй-бүлөдө өз ара түшүнүшүү, ачыктык, ишеним жок экендигинен кабар берет. Эгер ортодо ишеним болсо, сырткаркы кишинин ою үй-бүлөгө аралашмак эмес. "Ал мындай кылганы жатыптыр, ошол үчүн ушундай болуптур" деп түгөйү тууралуу башка бирөөдөн угуу психологияда негатив жаратат. Эч кандай үчүнчү кишини аралаштырбай, муну эки киши гана чечип алганы оң.
Келинчегиңиз да жакын адамын, атасын жоготуп кайгыда жүрүптүр. Мүмкүн ал дагы ушул оор мүнөттөрдө колдооңузга, көтөрмөлөөңүзгө муктаж болуп жаткандыр.
Обращение к семейному психологу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Апамды көңүлдөшүнө акчага сатып ийгендей болом... Кыздын каты
Бул жерде там тууралуу да кеп болуп жатат. Үй куруу боюнча өзүңүздүн так пландарыңыз менен чечкиндүүлүгүңүздү көрсөтүп, ынандырып, үй-бүлөнү сактап калсаңыз болот.
Ар бир эне баласына жакшылык гана каалайт жана бардык адамдын алсыз жагы бар. Сиз да өзүңүздү анализдеп, кайсы жагынан кемчилик кетирдиңиз, эмне себептен жубайыңыз сизге ишенбей жаткандыгын да ойлонуп көрүңүзчү. Өзүңүздүн үстүңүздөн да иштегениңиз туура.
Негизи үй-бүлөлүк келишпестиктерди материалдык маселеге такап, ага басым жасабаш керек. Алгач мамилени жөнгө салып, моралдык жагын биринчи планга чыгарган оң. Анткени материалдык көйгөйлөр дайыма жарала берет. Маселе эки адамдын ортосундагы келишпестикте жатат.
Эркектер да бирөө менен кеңешүүгө муктаж. Бул жагынан психологго туура эле кайрылгансыз. Жекече кеңеш алууга келсеңиз да болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0