Чек арадан "кыргыз" болуп өткөн өзбек жараны кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстандын жаранынын паспорту. Архив
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Жазылуу
Ушу тапта документтерди мыйзамсыз даярдоо ишине тиешеси бар кызмат адамдарына карата ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканы айтылды.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстанда жасалма документ колдонуп, чек араны мыйзамсыз кесип өткөн өзбек жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, колго түшкөн Ю.М.У. аттуу адам Россиянын Санкт-Петербург шаарынан Ошко учуп келип М.А.Ю. аттуу кыргыз жаранынын паспортун көрсөткөн.
"Бул факт Жазык кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүгү ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Ал эми кармалган өзбек жараны Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди"¸ — деп жазылат билдирмеде.
Азыркы тапта колго түшкөн кишинин документтерин мыйзамсыз даярдоо ишине тиешеси бар кызмат адамдарына карата ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0