Электр энергиясы менен жылуулукка канча төлөйбүз? Күчүнө кирген жаңы тарифтер

© Sputnik / Жоомарт УраимовКоммуналдык кызмат үчүн квитанция жана акча. Архив
Коммуналдык кызмат үчүн квитанция жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Жазылуу
Быйыл Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын жана жылуулуктун тарифтери мурдагы деңгээлинде калтырылган.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, 15-октябрдан тартып электр жана жылуулук энергиясы үчүн кандай тариф белгиленгенин маалымдады.
Калк үчүн тарифтер төмөндөгүдөй:
  • калк үчүн бир киловатт-саат электр кубаты 77 тыйынды түзөт. 700 киловатт-сааттан ашса 2,16 сомдон эсептелет;
  • бийик тоолуу аймакта жана шарты катаал жерлерде жашагандар үчүн чектөө коюлбайт, жыл бою мындагылар 0,77 сомдон төлөшөт;
  • суу чыгаруу менен алектенген станциялар бир киловатт-саат электр энергиясы үчүн 1,09 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • электр транспорту, балдар интернаттары, карылар жана майыптар үйлөрү, диний мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 1,68 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • башка мекемелер бир киловатт-саат электр энергиясына 2,52 сомдон (салыктарды эске албаганда) төлөшү керек;
  • майнинг-фермалар, алтын, металл иштеткен фабрикалар жана ичимдик өндүргөн ишканаларга бир киловатт-саат электр энергиясын 2,52 сомдон сатуу сунушталып жатат. Бирок белгиленген коэффициенттен ашып кеткен учурда 5,04 сомдон төлөшү керек болот;
  • куюучу, эритүүчү цехтер бир киловатт-саат электр энергиясын 3,78 сомдон алат (салыктарды эске албаганда);
  • цемент заводдору бир киловатт-саат электр энергиясын 3,28 сомдо сатып алат (салыктарды эске албаганда).
2021-жыл жылуулук тарифтери:
  • калк үчүн жылуулук энергиясы үчүн тариф бир гигакалориясы 1 134,76 сом болуп сакталат;
  • ысык суу үчүн тарифи бир гигакалориясы 981,76 сом деңгээлинде сакталат.
Калган колдонуучулар үчүн сунушталып жаткан тариф:
  • жылуулук энергиясы үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 802 сом (азыркы баасы 1 695,1 сом);
  • ысык суу үчүн тариф — бир гигакалориясы 1 802 сом.
Жаңылыктар түрмөгү
0