Согончокту байка. Өпкө рагынын күтүүсүз белгиси аталды

© Photo / Pexels / PixabayАдамдын буту. Иллюстративдик сүрөт
Адамдын буту. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.10.2021
Жазылуу
Дарыгерлер согончок ооруганда эки жума байкап көрүүнү сунушташкан. Эгер ооруганы көпкө чейин басылбаса, анда дарыгерге көрүнүү зарыл.
БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Согончоктун тынбай оорушу өпкөдө шишик пайда болгонунан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу Daily Express басылмасы Улуу Британиянын улуттук медициналык системасында иштеген дарыгерлердин айтымына таянып кабарлады.
Билдирмеге караганда, рактын көп түрү, анын ичинде өпкө рагы тромбдун өрчүү тобокелчилигин жогорулатат.
"Бейтаптар согончогу ооруп жатканын айтып кайрылган учурлар катталган. Текшере келгенде алардан тромб табылган. Бул — өпкө рагынан кабар берген жалгыз белги", — деп жазылат маалыматта.
Дарыгерлер согончок ооруганда эки жума байкап көрүүнү сунушташкан. Эгер ооруганы көпкө чейин басылбаса дарыгерге көрүнүү зарыл.
Кыз ич кийимдин көргөзмөсүндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Ден соолукту байкатпай аксаткан зыяндуу 7 адат
"Күнүмдүк жумуштарды жасап жатканда да катуу оорута турган болсо, бир ооруп, бир басылып ыңгайсыздык жаратса, согончоктун тушу эч нерсени сезбей калса, анда тез арада медиктерге кайрылуу керек" — деп жазылат билдирмеде.
Медиктер өпкө рагы олуттуу оору экенин айтып, башында дарт билинбей өрчүй бериши ыктымал экенин белгилешкен. Буга көбүнчө чылым чегүү себеп болору айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0