Боомдун жолунда автоунаалар менен жарыша чуркаган төө куштун видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековФермадагы страус. Архив
Фермадагы страус. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
Видеого куштун бирде айдоочулардын алдына түшүп жүгүрсө, бирде жол четине, кээде каршылаш тилкеге чыгып кеткени тартылып калган.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Интернетке Боом капчыгайында, Бишкек — Торугарт жолунда автоунаалар менен жарыша чуркап бара жаткан төө куштун видеосу тарады.
Жаныбарды ошол аймактан өтүп бара жаткан жолоочулар тартып алган.
Кадрдан ири төө куштун автоунаалар менен кошо чуркап бара жатканын көрүүгө болот. Видеого анын бирде айдоочулардын алдына түшүп жүгүрсө, бирде жол четине, кээде каршылаш тилкеге чыгып кеткени тартылып калган.
Бир учурда бурулуштан чыккан автокөлүк менен кагышып кала жаздап, маңдайдан чыккан айдоочу жолдун четине ыктай берген.
Төө куш алардын автоунаасы менен жарыша чуркап келе жатканын, анын чарчап калгандыгын видеого тарткандардан угууга болот.
"Видеонун автору тамашалап аны Африка кулжасы деп атап, "бир жерден чыгып кеткен окшойт, чарчап калыптыр байкуш, биркасы бар экен", — деп комментарий кылган.
Алар сыртта чуркап келе жаткан сапарлашы менен "сүйлөшүп", кайда жөнөгөнүн "сурап", "Африкага бара жатасыңбы?" деп тамашалай суроо узатышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0