Садыр Жапаров "Алтын балалыкты" ишке киргизүү үчүн фондунан 3 млн. сом бөлдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен балдарга арналган "Алтын балалык" реабилитациялык борборун ишке киргизүү боюнча кайрымдуулук марафонуна катышып, өзүнүн фондунан үч миллион сом бөлдү
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен балдарга арналган Алтын балалык реабилитациялык борборун ишке киргизүү боюнча кайрымдуулук марафонуна катышып, өзүнүн фондунан үч миллион сом бөлдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
Имараттын бир бөлүгүн араб өлкөлөрүнүн фонду, бир бөлүгүн "Кумтөр голд компани" курууда. Мындан сырткары, демөөрчүлөрдөн, кайдыгер эмес жарандардан жана бардык каалоочулардан каражат тартуу үчүн кайрымдуулук марафону өтүп жатат.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен балдарга арналган "Алтын балалык" реабилитациялык борборун ишке киргизүү боюнча кайрымдуулук марафонуна катышып, өзүнүн фондунан үч миллион сом бөлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө борбордун курулушу 2000-жылдары башталып, дубалы тургузулуп, бирок 2005-жылы иш токтоп калганы белгиленген.
2021-жылдын март айында Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен борбордо болуп, мекеменин курулушун бүтүрүү тапшырмасын берген.
"Учурда имараттын бир бөлүгүн араб өлкөлөрүнүн фонду, бир бөлүгүн "Кумтөр голд компани" курууда. Мындан сырткары, демөөрчүлөрдөн, кайдыгер эмес жарандардан жана бардык каалоочулардан каражат тартуу үчүн кайрымдуулук марафонун өткөрүү чечими кабыл алынган", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жапаров КМШнын президенттер кеңешинин жыйынына катышат
Садыр Жапаров "Реабилитациялык борборду келерки жылдын 1-июнуна, балдар күнүнө арнап ачалы деген планыбыз бар", — деп билдирип, эгер чогултулган каражат жетпесе, анда кийинки жылдын январынан тартып курулушту бүтүрүүгө республикалык бюджеттен каражат бөлүнөрүн кошумчалаган.
"Муну өзүбүздүн балдар үчүн, жарандар үчүн жасап жатабыз. Андан сырткары, дүйнө жүзүнөн эс алуучуларды жана бейтаптарды кабыл алсак болот", — деген Жапаров.
"Алтын балалык" 500 бейтапка эсептелип, келечекте кеңейтүү мүмкүнчүлүгү бар экени айтылды.
"Учурда эки бөлүм иштеп жатат. Кардиохирургиялык бөлүм ачылып, 5 операция жасалды. Мындан сырткары, аллергиялык бөлүм да бар", — деди президент.
Мамлекет башчысы Ысык-Көлдүн климаты дагы бейтаптардын саламаттыгына жакшы таасир этерин кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0