Эт — 440, суу май — 131 сом. Бишкекте дем алыш күндөрү өтчү жарманкедеги баа

© Sputnik / Табылды КадырбековЭт сатуучу дүкөн. Архив
Эт сатуучу дүкөн. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.10.2021
Жазылуу
Жарманкени Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте Бишкек мэриясы уюштурган.
БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Борбор калаада 16-17-октябрда салтка айланып калган азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Алар төмөнкү аймактарда саат 9:00дө башталат:
  • 12-кичи район — Токомбаев жана Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилиши;
  • Раззаков көчөсүн бойлой, Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болот.
Мэрия азык-түлүктөр төмөнкү баанын тегерегинде сатыларын билдирди:
  • ун — 22 сомдөн өйдө (кг.)
  • кант-кумшекер — 64 сомдон өйдө;
  • күрүч — 55 сомдон өйдө;
  • күн карама майы — 131 сомдон өйдө;
  • эт (уйдуку) — 440 сомдон өйдө;
  • тоок эти — 170 сомдон өйдө;
  • картошка — 24 сомдон өйдө;
  • сабиз — 25 сомдон өйдө;
  • пияз — 14 сомдон өйдө;
  • капуста — 28 сомдон өйдө;
  • помидор — 30 сомдон өйдө;
  • бадыраң — 30 сомдон өйдө;
  • сарымсак — 180 сомдон өйдө;
  • алма — 30 сомдон өйдө;
  • жумуртка (10 даанасы) — 70 сомдон өйдө.
Жарманкени Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги менен Бишкек мэриясы уюштурган.
Жаңылыктар түрмөгү
0