12:10 26 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7940
  • EUR98.7808
  • RUB1.2090
Коом
Кыскача шилтеме алуу
229 0 0

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу каргаша болгон жерге барып, жергиликтүү коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси менен жолукту.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Кыргыз тарап Түркиядан киши колдуу болгон 30 жаштагы кыргызстандык келин боюнча кылмыш ишин иликтөөнү тездетүүнү өтүндү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

ЖМКлар буга чейин Текирдаг шаарында 65 жаштагы киши келинин бычактап өлтүрүп, денесин жашырууга аракет кылганын жазышкан. Аял шектүүнүн уулуна турмушка чыгып, эки баланы тарбиялап жаткан. Кайната келинин бычактап салууга эмне себеп болгонун айтып берген.

ТИМдин маалыматына караганда, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Лира Сыдыкова 13-октябрь күнү Текирдагга барып, жергиликтүү коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси менен сүйлөшкөн. Ал иликтөө ишин тездетүүнү өтүнүп, кыргыз тарап окуяга тыкыр көз салып турарын билдирген.

"Алынган маалыматтар боюнча, учурда Түркиянын укук коргоо органдары тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Шектүү кармалып, "Адамды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүү" беренеси боюнча иш козголду. Башкы консулдук маркумдун үй-бүлөсүнө консулдук-укуктук көмөк көрсөтүүдө", — деп айтылат маалыматта.

Маселе Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө турат.

Тема боюнча

Түркияда кайната кыргызстандык келинин бычактап салды. Окуя болгон жерден видео
Түркия: кыргызстандык келинди кайнатасы эмнеге өлтүргөнүн айтып берди
Белгилер:
Кыргызстан, Түркия, келин, кылмыш, тергөө, ТИМ

ЭҢ МААНИЛҮҮ