Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүПарктагы улгайган адам. Архив
Парктагы улгайган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
15-октябрга караган түнү жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +14...+19, Талас менен Ысык-Көл жергесинде +11...+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, Нарын аймагында +12...+17 градуска көтөрүлөт.
Күндүн табы Бишкекте +16...+18, Ош калаасында +21...+23 градуска жетет.
Жаңылыктар түрмөгү
0