20:43 23 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7875
  • EUR98.7011
  • RUB1.1965
Коом
Кыскача шилтеме алуу
374 0 0

Президент мамлекеттин катышуусу жок, жеке инвесторлордун аракети менен бюджеттик жана донордук каражатты тартпастан курулган чакан ГЭСтин ачылышы башка региондорго үлгү болорун белгилеген.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда Сокулук ГЭС-2 ишке кирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Анын ачылышына өлкө башчы Садыр Жапаров барып, иши менен таанышкан. Президент мамлекеттин энергетикалык системасындагы кырдаалды терең изилдеп, бул тармакка инвестиция тартуу боюнча максат койгонун белгилеген.

  • Запуск в эксплуатацию Сокулукской ГЭС-2 в Чуйской области. 14 октября 2021 года
    Чүй облусунун Сокулук районунда Сокулук ГЭС-2 ишке кирди
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров принял участие в запуске в эксплуатацию Сокулукской ГЭС-2 в Чуйской области. 14 октября 2021 года
    Анын ачылышына өлкө башчы Садыр Жапаров барып, иши менен таанышкан
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Запуск в эксплуатацию Сокулукской ГЭС-2 в Чуйской области. 14 октября 2021 года
    Президент мамлекеттин энергетикалык системасындагы кырдаалды терең изилдеп, бул тармакка инвестиция тартуу боюнча максат койгонун белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров принял участие в запуске в эксплуатацию Сокулукской ГЭС-2 в Чуйской области. 14 октября 2021 года
    Ал ошондой эле мамлекеттин катышуусу жок, жеке инвесторлордун аракети менен бюджеттик жана донордук каражатты тартпастан курулган чакан ГЭСтин ачылышы башка региондорго үлгү болорун белгилеген
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Запуск в эксплуатацию Сокулукской ГЭС-2 в Чуйской области. 14 октября 2021 года
    Сокулук ГЭС-2 1960-жылы пайдаланууга берилген. Бирок Советтер Союзу тарагандан кийин бул ГЭС консервацияланган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
  • Президент Садыр Жапаров принял участие в запуске в эксплуатацию Сокулукской ГЭС-2 в Чуйской области. 14 октября 2021 года
    2007-жылы жүргүзүлгөн изилдөө станциянын негизги электрдик-техникалык жабдуулары, гидротехникалык курулмалар жана ГЭСтин имараты бөлүктөргө бөлүнүп, жарым-жартылай талкаланганын аныктаган
    © Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
1 / 6
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Чүй облусунун Сокулук районунда Сокулук ГЭС-2 ишке кирди
"Электр энергиясын кайра өндүрүү багытына техникаларды импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөө милдеттемеси алып салынды. Лицензиялоодон бошотуп, жеңилдиктерди берүү мөөнөтүн 15 жылга чейин узартуу механизмдери иштелип чыкты. Бул чаралар "жашыл энергияны" өнүктүрүүгө жана кошумча генерациялык кубаттуулуктарды жогорулатууга туруктуу түрткү берет деп ишенем", — деп билдирген Жапаров.

Ал ошондой эле мамлекеттин катышуусу жок, жеке инвесторлордун аракети менен бюджеттик жана донордук каражатты тартпастан курулган чакан ГЭСтин ачылышы башка региондорго үлгү болорун белгилеген.

Сокулук ГЭС-2 1960-жылы пайдаланууга берилген. Бирок Советтер Союзу тарагандан кийин бул ГЭС консервацияланган. 2007-жылы жүргүзүлгөн изилдөө станциянын негизги электрдик-техникалык жабдуулары, гидротехникалык курулмалар жана ГЭСтин имараты бөлүктөргө бөлүнүп, жарым-жартылай талкаланганын аныктаган. Буга байланыштуу аны ишке киргизүү үчүн толук реконструкциялоо талап кылынган.

Сокулук ГЭС-2нин белгиленген кубаттуулугу — 2,4 МВт (2×1,2 МВт), электр энергиясын иштеп чыгуунун орточо жылдык көлөмү — 11 895 756 кВт/с түзөт.

Сокулук ГЭС-2 ишке кирсе Чүй облусунда тармактардагы жоготуу азайып, керектөөчүлөрдү ишенимдүү жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздайт.

Тема боюнча

"Раззаковдун" жардамы менен Баткен коңшу өлкөлөргө көз каранды болбойт
Белгилер:
Чүй облусу, Садыр Жапаров, инвестор, Сокулук ГЭС-2

ЭҢ МААНИЛҮҮ