21:12 28 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7974
  • EUR98.2887
  • RUB1.2024
Коом
Кыскача шилтеме алуу
3874 0 0

Учурда резервдик сактоо жайына бардык файлдар жөнөтүлүп турат. Эгер жаңы опция ишке кирсе, колдонуучу өзү каалаган гана файлдарды сактай баштайт.

БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. WhatsApp резервдик копия жасаган функцияны ишке киргизет. Бул тууралуу WABetaInfo порталы жазды.

Колдонуучулар резервдик копияга өзү каалаган сүрөттөрдү, видеолорду, аудиолорду жана башка документтерди көчүрүп кое алат. Мындан тышкары, мессенджер ар бир бөлүмдөгү архивдин көлөмүн көрсөтүп турат. Порталдын маалыматына караганда, бул нерсе келечекте коюла турган эки гигабайттык чектөөнү киргизүүгө даярдык болушу мүмкүн.

Опция азырынча тестирлөө стадиясында турат. Жакынкы аралыкта ишке кириши күтүлүүдө.

Тема боюнча

WhatsApp колдонуучуларына үн билдирүүлөрдү жөнөтүү жеңилдейт
Белгилер:
WhatsApp, резерв, тиркеме

ЭҢ МААНИЛҮҮ