Ноокаттын мэри менен депутаты 15 млн. сом кымырган деп кармалды. Сүрөт

© AFP / INGO WAGNER / DPA Кишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
Азыркы тапта күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери жүрүп жатат.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат калаасынын мэри жана шаардык кеңештин депутаты бюджетке 15 миллион сом зыян келтирген деп кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРОш облусунун Ноокат калаасынын мэри жана шаардык кеңештин депутаты бюджетке 15 миллион сом зыян келтирген деп кармалды
Задержанные - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ош облусунун Ноокат калаасынын мэри жана шаардык кеңештин депутаты бюджетке 15 миллион сом зыян келтирген деп кармалды
Аталган факт боюнча Жазык кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылган.
УКМК билдиргендей, 2017-жылдан 2021-жылдын июнуна чейинки аралыкта Ноокат мэриясынын жооптуу адамдар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, бюджетке 15 043 720 сом зыян келтиргени аныкталган.
Буга байланыштуу 13-октябрда калаа мэри Н.Ж.А. жана мурдагы спикер, учурдагы шаардык кеңештин депутаты Г.А.М. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы тапта күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0