Куткаруучулар Көл-Төрдө жоголуп кеткен 10 индиялыкты тапты

© Sputnik / Антон ПодгайкоКишилер саякат учурунда. Архив
Кишилер саякат учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
ӨКМ кызматкерлери индиялыктарды саат 05:27де аман-эсен табышкан. Учурда алардын абалы жакшы экени айтылды.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. Чүй районунун Кегети капчыгайынын Көл-Төр көлүнө эс алууга барып жоголуп кеткен 10 индиялык киши табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Чет элдиктер жолдон адашып кеткени тууралуу маалымат түшкөндөн кийин саат 22:30да беш куткаруучу аталган аймакка жөнөп кеткен. Алар Көл-Төргө саат 00:50дө жеткен.
ӨКМ кызматкерлери индиялыктарды саат 05:27де аман-эсен табышкан. Учурда алардын абалы жакшы экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0