Арзан болот. Дем алышта Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

Базар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.10.2021
Жазылуу
Уюштуруучулар айыл чарба азыктарынын жарманкеси эки жерде уюштурулуп, алар дүң баада сатыларын убадалашууда.
БИШКЕК, 14-окт. — Sputnik. 16-17-октябрда Бишкекте салтка айланга азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара Бишкек мэриясы менен биргеликте уюштурулуп, айыл чарба азыктары дүңүнөн арзан сатылары айтылууда.
Жарманке өтүүчү даректер:
  • Раззаков көчөсүндө (Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн ортосу);
  • 12-кичи райондогу Жетикашкаева жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
Маалымат үчүн телефондор: (0222) 55-55-21, (0509) 55-21-55, (0995) 21-55-55, (0771) 94-94-99.
Жаңылыктар түрмөгү
0