Мурда берилген ипотекалык насыянын пайызы азайтылат. Жол-жобосу

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча жана калькулятор. Архив
Акча жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниядан насыяны төмөндөтүлгөн шартта төгүш үчүн кардар эмне кылышы керектигин айтып беришти.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Ипотека боюнча мамлекеттик компания мурда берилген насыялар боюнча пайыздык коюмдарды азайта баштады. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кеп "2015-2020-жылдардагы жеткиликтүү турак жай" программасынын алкагында берилген насыялар туурасында жүрүп жатат.
"Пайыздык чендер этап-этабы менен төмөндөйт. Алгач аталган компаниянын өнөктөш банктары төлөнбөй калган карыздарды жаап, мөөнөтү өткөн камсыздандыруу полистерин жаңылап, азыркы келишим боюнча кошумча макулдашуу түзүшү керек", — деп айтылган маалыматта.
Батирдин коридору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.09.2021
4-8 пайыз менен. Сентябрдан тарта ишке аша турган мамлекеттик ипотеканын шарты
Пайыздык чен 2016-жылдан 2021-жылдын 1-октябрына чейин "Жеңилдетилген ипотека", "Жеткиликтүү ипотека" багыттары боюнча насыя алгандар үчүн төмөндөйт. Биринчиде коюм баштапкы төлөмгө карата 2 пайызга азаят (эгерде ал 8 пайыз болсо, алтыга чейин түшөт).
Компаниянын маалыматына таянсак, муну менен катар эле ипотекалык баалуу кагаздарды чыгарып, анын эсебинен алынган насыялардын чени 14 пайыздын ордуна сегизди түзүп калат.
Жеңилдетүүнүн шарттары ипотека боюнча мамлекеттик компаниянын сайтына жарыяланган.
Насыя алгандарга банктагы кураторлоруна кайрылып кеп-кеңеш алуу сунушталган.
Жаңылыктар түрмөгү
0