Жапаров: маянасын көбөйтүп, кыздарды мугалимге турмушка чыккыдай кылабыз

© AFP / XAVIER LEOTYСабак өтүп жаткан мугалим. Архив
Сабак өтүп жаткан мугалим. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Жапаров 2022-жылды мугалим, дарыгер жана маданият кызматкерлеринин маянасын жогорулатуудан баштаарын айтты.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев жаңы сунушталган министрлер кабинетинен өлкөдө эң аз айлыкты (орто эсепте 12 миң сом) мугалимдер алып жатканын айтып, "көбөйтүү планы барбы?" деп сурады.
Буга министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкер Акылбек Жапаров жооп берип, 2022-жылды мугалим, дарыгер жана маданият кызматкерлеринин маянасын жогорулатуудан баштаарын айтты.
"Президент Садыр Нургожоевич "мугалимдердин айлыгын эки эсе көтөрөсүң" деген тапшырма берген. Кийинки жылы бюджетти 400 миллиард сомго жеткирүү максатыбыздын бири ушул. Ошон үчүн фискалдаштыруу, контрабанданы жоюу, көмүскө акчаны иреттеп алышыбыз керек. Келерки жылы биринчи кварталдын динамикасын көрүп, мүмкүнчүлүк боло турган болсо биринчи эле мугалимдердин айлыгын көтөрөбүз", — деди Жапаров.
Ошондой ал муну менен эле токтобой "кимге турмушка чыгасың?" десе "мугалимге" деген деңгээлге чейин чыгаруу планы бар экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0