Жазында бардык туристтик аймактардын жолу оңдолот. Акылбек Жапаровдун убадасы

© Sputnik / Табылды КадырбековОңдолуп жаткан жол. Архив
Оңдолуп жаткан жол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.10.2021
Жазылуу
Туристтик жолдорду жергиликтүү бийликтин эмес, Транспорт министрлигинин балансына өткөрүү боюнча президент тапшырма берген.
БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Жазында бардык туристтик аймактардын жолу оңдолуп, асфальт төшөлөт. Бул тууралуу талапкерлиги министрлер кабинетинин төрагалыгына сунушталган Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Анын айтымында, туристтик жолдорду жергиликтүү бийликтин эмес, Транспорт министрлигинин балансына өткөрүү боюнча президент Садыр Жапаров тапшырма берген.
"Бул боюнча жумуштарды баштадык. Жазында, буюрса, кооз жерлерге бара турган жолдордун баарын асфальттап, татынакай жол салабыз. Урматтуу президент менен макулдашканбыз, жакынкы арада бир миллиард сомдук бюджети менен Туризмди өнүктүрүү боюнча фонд түзүлөт. Биз кошуна мамлекеттерден эң чоң айырмабыз — туризм. Муну колго алабыз", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал туристтерди кыргыз элинин менталитетине ылайыктап конок тоскондой кылып тосуу шарттары түзүлөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0