13:36 22 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR98.7242
  • RUB1.1945
Коом
Кыскача шилтеме алуу
56 0 0

Колдонуучуларда 24 саат активдүү болгон "тарых" бөлүгүндө (история) техникалык көйгөйлөр жана үзгүлтүккө учуроолор тууралуу маалымат берип турат. Маселени канча убакытта чечүү керектиги да көрсөтүлөт.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Instagram социалдык тармагы колдонуучуларга тиркеменин ишиндеги мүчүлүштүктөр тууралуу кабар берип турган кызматты сыноодон өткөрүп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Учурда эки кызматты ишке киргизүү каралууда. Биринчи функцияда колдонуучуларда 24 саат гана активдүү болгон "тарых" бөлүгүндө (история) техникалык көйгөйлөр жана үзгүлтүккө учуроолор тууралуу маалымат берип турат. Ошондой эле аны канча убакытта чечүү керектиги көрсөтүлөт.

Башка функцияда, тагыраагы, "Аккаунттун статусу" бөлүгүнөн колдонуучулар аккаунтуна кооптуулук жаралып жатканы жана контенти кимдерге ылайыктуу экенин биле алат. Зарылчылыкка жараша кардарлар даттанууларды жөнөтүп же текшерип берүүнү өтүнө алат.

Instagram — сүрөт жана видео маалыматтарды бөлүшүүгө ылайыкташкан тиркеме. Ал Facebook компаниясына таандык.

Тема боюнча

Facebook менен Instagram иши кайрадан аксады
WhatsApp сүрөт менен видеону сапаттуу жөнөткөнгө мүмкүнчүлүк түзөт
Белгилер:
Instagram, колдонуучу, мүчүлүштүк, тиркеме

ЭҢ МААНИЛҮҮ