УКМК: дары-дармекти элге кымбат саткандар кармалды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАптекадагы аял. Архив
Аптекадагы аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
Комитет дарыны калкка жогорулатылган баада саткан фармацевтикалык компаниялардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзгөн.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Калкка керектелүүчү дары-дармектердин жеткиликтүүлүгүнө жана баага таасир этип келген көйгөйлөр аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, УКМКнын мекемелер аралык жумушчу тобу менен министрлер кабинети дары-дармек боюнча аныкталган маселелерди изилдеп, талдоо жүргүзгөн.
Муну менен катар УКМК дарыны калкка жогорулатылган баада саткан фармацевтикалык компаниялардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзгөнү айтылды.
"Тийиштүү компаниялар тобу көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, салык төлөөдөн качкан. Ошондой эле импорттолгон дарылардын чыныгы баасын жашырып, элге кымбат саткан", — деп айтылат маалыматта.
Факт боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин жана фармацевтикалык компаниялардын айрым кызматкерлери кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Ведомство шектүүлөрдүн ким экенин атаган жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0