Кыргызстанда бир катар азык-түлүктүн жарнамасына чектөө киргизилиши мүмкүн

© AFP / INA FASSBENDERКыз супермаркетте. Архив
Кыз супермаркетте. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
Мыйзам долбоору балдардын туура тамактануу укугун жүзөгө ашырууга багытталган. Анда туз жана май көп кошулган азыктардын маркетингине чектөө киргизүү каралууда.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети жарнама тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
Депутат Евгения Строкова мыйзам долбоору балдардын туура тамактануу укугун жүзөгө ашырууга багытталганын белгилеп, туз жана май көп кошулган азыктардын маркетингине чектөө киргизүү керектигин айткан.
Мыйзам долбоорунда Кыргызстан тузду көп колдонгон өлкөлөрдүн катарында турары айтылат. Тагыраагы, туз Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган чектен 2,5 эсеге көп пайдаланылат. Андан тышкары, май камтылган тамак-аштар да арбын.
"Ошондуктан тиешелүү мыйзам аркылуу саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын имараттарынын, спорттук залдардын жана башкар курулмалардын, стадиондордун жана аларга жанаша жайгашкан жайлардын айланасындагы 100 метр аралыкта кант, туз жана май көп кошулган тамак-ашты жарнамалоого чектөө киргизүү демилгеленүүдө", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоорун эл өкүлдөрү Евгения Строкова, Аалы Карашев, Аида Касымалиева, Бакыт Төрөбаев демилгелеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0