Коронавирус 93 кишиден табылып, эки бейтап каза болду. Статистика

© AFP / BRANDON BELLЛаборатория жардамчысы COVID-19 үлгүлөрүн талдап жатат. Архив
Лаборатория жардамчысы COVID-19 үлгүлөрүн талдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
COVID аныкталгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Азыркы учурда 442 бейтап ооруканаларда медициналык жардам алууда.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бир суткада өлкөдө 93 кишиден коронавирус табылып, 112 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 51;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 6;
  • Баткен облусу – 1.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 179 429га жетти. Анын ичинен 174 198 адам дартты жеңди.
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирустан эки бейтап көз жумган. Жалпысынан оору 2 622 адамдын өмүрүн алды. Азыркы тапта стационарда 442, ал эми амбулатордук шартта 672 адам дарыланып жатканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0