15:24 30 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR95.6332
  • RUB1.1309
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус (187)
85 0 0

COVID аныкталгандардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында. Азыркы учурда 442 бейтап ооруканаларда медициналык жардам алууда.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Бир суткада өлкөдө 93 кишиден коронавирус табылып, 112 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 51;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 1;
  • Талас облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 9;
  • Жалал-Абад облусу – 6;
  • Баткен облусу – 1.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 179 429га жетти. Анын ичинен 174 198 адам дартты жеңди.

Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирустан эки бейтап көз жумган. Жалпысынан оору 2 622 адамдын өмүрүн алды. Азыркы тапта стационарда 442, ал эми амбулатордук шартта 672 адам дарыланып жатканы айтылды.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус (187)

Тема боюнча

Балдарды COVID-19га каршы эмдөө жаңы жылдан тарта башталышы мүмкүн
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оору, бейтап, статистика, штаб

ЭҢ МААНИЛҮҮ