Бишкекте электр жарыгы өчсө, кайсы жакка чалса болот? Номерлер

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКолл-центрдин кызматкери. Архив
Колл-центрдин кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.10.2021
Жазылуу
Шаардыктар электр жарыгы өчө турган болсо "Бишкек жарык" ишканасына же "Түндүк электр" ишканасына чалып, маалымат алса болот. Бул компаниялардын WhatsApp-номерлери да иштейт.
БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. "Бишкек жарык" ишканасы ордо калаада электр жарыгы өчкөн учурда кайсы номерлерге чалса болорун айтып, телефондорун жарыялады.
Байланыша турган телефондор менен аккаунттар:
  • Диспетчердик-авариялык кызмат — 0 (312) 46-30-89, 57-63-51;
  • WhatsApp-номери — 0(777) 90-21-15.
"Бишкек жарык" ишканасынын социалдык тармактагы аккаунттары:
  • Facebook: www.facebook.com/Bishkeksvet312;
  • Instagram: @mp_bishkeksvet;
  • Twitter: @Bishkeksvet.
Калаа тургундары социалдык тармактан кайсы көчөлөрдө оңдоо же прожектор орнотуу иштери жүрүп жаткандыгын да биле алат.
Мындан сырткары, "Түндүк электр" ишканасынын сайтындагы "Пландаштырылган өчүрүүлөр" деген бөлүмгө да электр жарыгы өчүрүлө турган көчө, райондордун тизмеси жарыяланып турат. Электр жарыгы тууралуу маалыматты "Түндүк электр" ишканасынын 1209 кыска номерине чалып же 0772 00 12 09 WhatsApp-номерине жазып сураса да болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0