Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55 200 дозасы алып келинди

© REUTERS / DADO RUVICAstraZeneca вакцинасы. Архив
AstraZeneca вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Кыргызстан тарап Польша өкмөтүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, жакынкы күндөрү вакцина эмдөө пунктуларына таратыларын айтты.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Польша мамлекетинен Кыргызстанга 55 200 доза AstraZeneca вакцинасы алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдирди.
Жүктү "Манас" эл аралык аэропортунан саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Польшанын Кыргызстандагы элчисинин орун басары Томаш Коллат жана Европа биримдигинин элчиси Эдуард Ауэр тосуп алды.
Вакцина алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Эмдөө жай жүргөн аймактар. Бишкек менен Сүлүктү эң артта
Бектурганов Польша өкмөтүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, жакынкы күндөрү вакцина эмдөө пунктуларына таратыларын айтты.
Министрдин орун басары берген маалыматка караганда, ушул тапта Кыргызстан калкынын 39 пайызы вакцинанын биринчи дозасын, 29 пайызы экинчи дозасын алды.
Вакцина Кыргызстанга Европа биримдигинин COVID-19га каршы жарандык коргоо механизминин алкагында жеткирилди.
Жаңылыктар түрмөгү
0