Шейшембиге карата аба ырайы

© Фото / Pixabay/ Mylene2401Жаан учурдагы кол чатыр. Иллюстративдик сүрөт
Жаан учурдагы кол чатыр. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
12-октябрда күндүз республикада жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Шейшембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаап, жолдорго муз тоңот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +9…+14, Талас өрөөнүндө +6…+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +14…+19, Ысык-Көл чөлкөмүндө +8…+13, Нарын жеринде +11…+16 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте +11…+13, Ош шаарында +16…+18 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0