Жапаров Татарстандагы учак кырсыгына байланыштуу Путинге көңүл айтты

© Фото / пресс-служба МЧС РФ / Медиабанкка өтүүТатарстандын Мензелинск шаарында кулаган L-410 учагы
Татарстандын Мензелинск шаарында кулаган L-410 учагы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Жапаров каргашалуу окуяда каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк сакайып кетишин каалаган.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путинге Татарстандагы авиакырсыктан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
"Россияда болгон авиакырсыктан улам каза тапкандар тууралуу оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул трагедиядан жабыркагандардын баарынын тез арада сакайып кетишин каалайм", — деп айтылат көңүл айтуу катында.
Эске салсак, 10-октябрда Татарстандын Мензелинск шаарында L-410 учагы кулап, борттогу 23 кишинин 16сы көз жумган.
Каргашадан бир канча киши жабыркап, ооруканага жеткирилген. Кырсыкка кабылган учактын бир кыймылдаткычы иштен чыгып, учкучтар жерге кондурууну өтүнүшкөнү айтылды.
11-октябрь Татарстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0