Бишкекте электрди бир топ үнөмдөгөн диоддуу чырактар орнотулуп жатат

© пресс-служба мэрии города БишкекДиоддуу чырак. Архив
Диоддуу чырак. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Мындай чырактар бир нече конуштарда орнотулуп, ага кошумча электр линиялары тартылган. Учурда дагы башка конуштарда жарыктандыруу иштери жүрүүдө.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы электр жарыгын үнөмдөгөн диоддуу чырактарды орнотуп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Үнөмдүү жарыктар орнотулган жерлер:
Мурас-Ордо конушундагы № 3, 4, 6, 7, 9, 10, 11, 12, 13, 14 көчөлөрүндө 289 диоддуу чырак коюлуп, 10 чакырым электр зым тартылган;
Түнкү Бишкек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Пресс-борбор
Жарыктын өчүрүлүшү "Коопсуз шаардын" ишине таасир этеби?
Алтын-Бешик конушунда тышты жарыктандырган 23 түркүк жана 40 диоддуу чырак коюлуп, 1300 электр линиясы тартылган;
Көлмө конушунда тышты жарыктандырган 20 түркүк, 120 чырак орнотулуп, 4 200 метр электр линиясы тартылган;
Тынчтык конушунда 40 чырак орнотулуп, 2 миң метр электр линиясы тартылган.
Учурда Ак-Босого, 110-квартал, Калыс-Ордо конуштарында жарыктандыруу иштери жүрүүдө.
Мэрия жарыгы жок көчөлөрдүн жашоочуларын ишкананын авариялык-диспетчердик кызматына чалуу керектигин айтты. Байланыш номери 0312 463 089, 0312 576 351, WhatsApp — 0777 902 115, 0702 805-756.
Жаңылыктар түрмөгү
0