Камдап алгыла.12-октябрда суу токтой турган Бишкектин аймактары

© AFP / FRED TANNEAUСуу агып жаткан кран. Архив
Суу агып жаткан кран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Бишкек мэриясы "Бишкек суу канал" башкармалыгынын өндүрүштүк-эксплуатациялык иштеринен улам элге келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сураган.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Эртең, 12-октябрда, борбор калаанын бир нече аймактарында саат 9:00дөн 21:00гө чейин суу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирүү таратты.
"Гагарин", "Түштүк-батыш" суу кампаларында жана шаардагы суу түтүктөрүнүн тармагында оңдоп-түзөө жана профилактикалык иштер жүрөт", — деп айтылган маалыматта.
Суу төмөнкү аймактарда өчүрүлөт:
Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
25 градуска чейин жылыйт. Бир жумага карата аба ырайы
Жунусалиев, Чайковский, Айни, Толстой, Садырбаев, Космос көчөлөрүндө, Жумушчулар шаарчасында, Жер иштетүү институтунда, Ак-Өргөө, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнөн тарта түндүк тарапты көздөй кеткен жагы), Теңир-Тоо (Ахунбаев көчөсүнүн төмөн жагы) конуштарында.
Бишкек мэриясы "Бишкек суу канал" башкармалыгынын өндүрүштүк-эксплуатациялык иштеринен улам элге келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууну эскерткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0