Кыргызстандыктар көз жоосун алган космостук кубулушка күбө боло алат. Убактысы

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүЖылдыздуу асман. Архив
Жылдыздуу асман. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Бул учурда ай жаңыруу алдында тургандыктан асман караңгы болуп, жылдыздардын учканы даана көрүнөт. Болгону булуттар тоскоолдук жаратышы ыктымал.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. 22-октябрга караган түнү Орион жылдыздарынын агымы өзүнүн максимумуна жетет. Бул тууралуу Москва планетарийи билдирди.
Метеориддер агымы жыл сайын 20-октябрда башталып, 7-ноябрга чейин созулат. Алардын учканын түн ортосунан тарта таң сүргөнгө чейин түштүк-чыгыш тараптан көрүүгө болот.
Северное сияние в небе над Рованиеми - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.09.2021
Жердин үстүнөн тартылган керемет жаркырак. Астронавттын жомоктогудай видеосу
Эл аралык метеордук уюмдун билдиргенине караганда, ал күнү саат сайын 20дай жылдыз учмакчы. Адатта алар артында ак түстөгү жарыктарды калтырат. Бирок айрым учурда кызыл, көгүш же сары болушу да мүмкүн.
Бул учурда ай жаңыруу алдында тургандыктан асман караңгы болуп, жылдыздардын учканы даана көрүнөт. Болгону булуттар тоскоолдук жаратышы ыктымал.
Жаңылыктар түрмөгү
0