Психолог кеңсе кызматкерлери үчүн чылымды таштоо эмнеге кыйын экенин айтты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТамеки. Архив
Тамеки. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Адис тамекини чегип ырахат алган башка экенин, кээ бири ага кеткен убакытты эс алуу катары эсептээрин айткан. Бул көбүнчө отуруп иштегендерге тиешелүү.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Айрымдар үчүн эмнеге чылым чегүүдөн баш тартууну пайдасыз деп эсептей турганын "Прайм" агенттигине психолог Дмитрий Синарев айтып берди.
Анын билдиришинче, тамекини чегип ырахат алган башка, кээ бирлер ага кеткен убакытты эс алуу катары карашат.
"Маселен, кеңсе кызматкерине тамеки түтөтүп келүү бир аз эс алуу, иштен алаксып, мээни сергитүү сыяктуу болушу мүмкүн. Кээде кесиптештери тамеки түтөтүүнүн ортосунда маанилүү ишти сүйлөшүшөт. Тамеки чекпей деле ошол убакытта тыныгып алса болот да", — деген адис.
Психолог адам ар дайым өзүнө "бул нерсе мага пайда алып келеби же канчалык зарыл?" деген суроого чындап жооп издеши керектигин айткан. Чылым таштоодогу мотивация ушул экенин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0