Бир сүрөт кошкон. Издешпей табышкан Нурлан Алдаяров менен Айзада Муканбетова

© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Нурлан Алдаяров менен келинчеги ырчы Айзада Муканбетова
Ырчы Нурлан Алдаяров менен келинчеги ырчы Айзада Муканбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Издешпей табышкандар" рубрикасынын бул жолку коногу ырчы Нурлан Алдаяров менен келинчеги ырчы Айзада Муканбетова болду.
Чыгармачыл түгөйлөр табышкан күнүн эстеп, аял-эркек ортосундагы сый, мамиле тууралуу ой бөлүштү.
— Буга чейин Нурлан Алдаяровдун жалгыз эле ырдап жүргөнүн көрүп калчубуз. Эми жаңы дуэтиңер чыгыптыр. Чогуу ырдап баштадыңыздарбы?
Нурлан Алдаяров.: — Үйлөнгөнгө чейин жалгыз чыкчумун. Кийин дуэт ырларды жаздырып, үй-бүлөлүк топ болуп ырдай баштадык. Жакында эле сөзү, обону Күмөндөр Абыловго таандык "Суранам" деген ырыбызга клип тарттырып, эфирден бериле баштады. Алдыда дагы жаңы чыгармалар менен элибизди кубантабыз деген ой бар.
© Sputnik / Табылды КадырбековЫрчы Нурлан Алдаяров: Экөөбүз бири-бирибизди көрбөй бир айга чукул телефондон сүйлөшүп, анан кезиккенбиз. Жолуккан күнү "ырдаганымды көрсүн" деп бир тойго ээрчитип алгам. Башында анын консерваторияда окуй турганын, ырдаарын деле билген эмесмин. Көрсө, бул менден кыйын ырдайт экен.
Кыргызский певец Нурлан Алдаяров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ырчы Нурлан Алдаяров: Экөөбүз бири-бирибизди көрбөй бир айга чукул телефондон сүйлөшүп, анан кезиккенбиз. Жолуккан күнү "ырдаганымды көрсүн" деп бир тойго ээрчитип алгам. Башында анын консерваторияда окуй турганын, ырдаарын деле билген эмесмин. Көрсө, бул менден кыйын ырдайт экен.
— Айзада, чыгармачылыкка жаңыдан аралашып келе жаткан адам катары өзүңүз тууралуу азыноолок кеп кыла кетсеңиз.
Айзада Муканбетова: — Нарындын кызы болом. Азыр Улуттук консерваторияда 4-курста окуп жатам. Чыгармачылыкка жаңыдан кадам таштадым десем болот. Бирок турмушка чыккандан бери жолдошум менен тойлорго чыгып ырдап жүрөм.
— Нурлан, Айзада менен таанышып-табышкан күнүңөрдү эстеп айтып бересиздерби?
Н.А.: — Кубан Алимов деген кочкорлук куудул байке бар. Кочкордо ошол байкенин концерти болуп, ал жактан Айзаданын Тилекгүл Абылова деген таежеси менен таанышып, сүрөткө түшүп калдык. Ал эже "сүрөттү ушул номерге жиберип кой" деп бир номер берген. Көрсө, ал Айзаданыкы экен. Ошентип таанышып калганбыз. Экөөбүздү бир сүрөт табыштырган (күлүп). Чынын айтсам, телефондон Айзаданын сүрөтүн көрүп эле жактырып калгам. Анын үстүнө ошол жылы үйлөнөйүн деп жүргөм. Тагдыр экен, беш айдан кийин баш коштук. Экөөбүз бири-бирибизди көрбөй бир айга чукул телефондон сүйлөшүп, анан кезиккенбиз. Жолуккан күнү "ырдаганымды көрсүн" деп бир тойго ээрчитип алгам. Башында анын консерваторияда окуй турганын, ырдаарын деле билген эмесмин да. Көрсө, бул менден кыйын ырдайт экен (күлдү).
— Ооба. Мен да бир ирет Айзаданын тойдон ырдаганын көрүп аябай суктангам. Үнү сонун экен. Ырдаганын сиз алгачкы жолу качан уктуңуз эле?
Н.А.: — Сөзү, обону Күмөндор Абыловго таандык "Кайда жүрдүң?" деген ырын жаздырып коюптур. Бир күнү аны телефондон жөнөтүп калды. Аны автоунааман дайыма укчумун. Ырдын текстинде "кайда жүрдүң мурдатан" деген жерлери бар. Ошол себептенби, айтор, чыгарма мага арналгандай эле сезилип, өзүмчө толкундана берчүмүн.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйзада Муканбетова: Нарындын кызы болом. Азыр Улуттук консерваторияда 4-курста окуп жатам. Чыгармачылыкка жаңыдан кадам таштадым.
Кыргызская певица Айзада Муканбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айзада Муканбетова: Нарындын кызы болом. Азыр Улуттук консерваторияда 4-курста окуп жатам. Чыгармачылыкка жаңыдан кадам таштадым.
— Айзада, Нурлан жүрөгүңүздү эмнеси менен багынтып алды эле?
А.М.: —Экөөбүз сүйлөшүп баштаганда эле тил табышып кеттик. Нурландын мага жашоого болгон көз карашы, адамга жасаган мамилеси жаккан. Апам башынан эле "сенин чыгармачылыгыңды баалаган, түшүнгөн адамга турмушка чыксаң экен" деп айта берчү. Нурлан менен сүйлөшкөндө мени колдоп кетчү адам экенин түшүндүм. Ойлорубуз бир чыкты. Адамгерчилик сапатын да бааладым.
— Баш кошконуңуздарга беш жыл болуптур, казан-аяк кагышкан учурлар болдубу? Кырдаалдан кантип чыгасыңар?
Кыргыз руху фольклордук ансамблинин солисттери Ороз Кашкаев менен Гүлназ Бекбоосун кызы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.09.2021
Сый, сезим, ишеним... Издешпей табышкан Ороз Кашкаев менен Гүлназ Бекбоосун кызы
Н.А.: — Беш жыл арагында бир кыз, бир уулдуу болдук. Азыр бири-бирибизге көнүшүп, жашообуз кызыктуу болуп келе жаткан кези, көз тийбесин! Мен казан-аяк кагышканга жол бергим келбейт. Айзада башынан эле мени "сиз" деп көнүп калган. Азыркыга чейин ошентип айтат. Ошол "сиз" деген сөздүн күчү менен экөөбүздүн ортобузда анчалык деле уруш-талаш болбойт (күлүп). Анын үстүнө мен да көнүп алгам. Айзада туура эмес сөздөрдү айтпайт, мен деле кабагым кичине бүркөлгөнү менен тез эле жазылып кетем. Бир нерсени ачык айтып сүйлөшүп эле чечишип алабыз. Урушуп, таарынышып, сыртка чыгып кетип, сүйлөбөй койгон учурлар боло элек. Болбой эле койсун.
А.М.: — Кабагыбыз бир аз бүркөлүп, анан тез эле ачылып кетебиз.
Н.А.: — Бири-бирибизге кек сактабайбыз. Бир адам сүйлөп жатканда экинчиси унчукпай койсо уруш-талаш тутанып кетпейт. Маселен, бир нерсе болсо Айзада бир аз сүйлөйт, анан мен унчукпай койсом токтоп калат дагы ошону менен баары унутулат.
© Sputnik / Табылды КадырбековНурлан Алдаяров: Беш жыл арагында бир кыз, бир уулдуу болдук. Азыр бири-бирибизге көнүшүп, жашообуз кызыктуу болуп келе жаткан кези, көз тийбесин!
Кыргызские певцы Нурлан Алдаяров и Айзада Муканбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Нурлан Алдаяров: Беш жыл арагында бир кыз, бир уулдуу болдук. Азыр бири-бирибизге көнүшүп, жашообуз кызыктуу болуп келе жаткан кези, көз тийбесин!
— Айзада, сенге качан өтөйүн деп жатасыз?
А.М.: — Эки балалуу болгондо айта бер деген, бирок уруксат бере элек (күлдү).
Н.А.: — Ооба, "эки балалуу болгондон кийин" деп айткам, бирок "сиз" дегени жагат. Көп киши "келинчегиңиз түштүк тараптанбы" деп сурай беришет. Ал жакта көпчүлүгү "сиз" деп кайрылат эмеспи.
31 жашымда үйлөндүм да. Айзада башында мага кичинекей кыздай эле көрүнчү. Ага да мен байкедей көрүнсөм керек. Башында "сиз" деп жүрүп ошону менен азыркыга чейин калып калды. "Сиз" дебей калса эле башыма чыгып кетчүдөй сезиле берет (күлүп). Казан-аяк кагышканда ушул сөздүн кереги тиеби деп да ойлоп кетесиң.
А.М.: — Менин тааныштарымдын арасынан да көпчүлүгү "сиз дейсиңби" деп эле таң кала беришет.
— Айзада, Нурлан үйдө кандай ата?
А.М.: — Өтө баласаак. Балдарды эч кимге таштатпайт. Кайда жүрсөк, гастролго барсак дагы жаныбызда. Аябай камкор.
Н. А.: — Биз Кочкорго ата-энебиздикине тез-тезден каттап турабыз. Гастролдорго да көп чыгабыз. Балдарыбыз жолдо жүргөнгө көнгөн.
© Фото / Темирлан АлдаяровАйзада Муканбетова: мен апамдан киши сыйлап конок тосконду, катыш күткөндү үйрөндүм. Апабыз айылда "Шайыр апаларды" жетектейт. Өзү да ырдайт, мени да "келиним жакшы ырдайт" деп ырдатат.
Кыргызские певцы Нурлан Алдаяров и Айзада Муканбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Айзада Муканбетова: мен апамдан киши сыйлап конок тосконду, катыш күткөндү үйрөндүм. Апабыз айылда "Шайыр апаларды" жетектейт. Өзү да ырдайт, мени да "келиним жакшы ырдайт" деп ырдатат.
— Ата-энеңиздер менен чогуу турасыздарбы?
Н.А.: — Жумуш, окууга байланыштуу шаарда болуп калдык. Бирок айылга бат-баттан барып турабыз.
— Айрымдар келинин бүлөгө көнсүн деп өздөрү менен чогуу турушун каалашат, кээ бири жаш үй-бүлөнү өзүнчө эле бөлүп койгон жакшы деген ойду карманышат экен. Сиздер кайсынысына кошуласыздар?
Актер театра Чынгыз Мамаев и актриса Эльмира Тагаева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Мамилени суутуп албаш керек. Издешпей табышкан Чыңгыз Мамаев менен Элмира Тагаева
Н.А.: — Ар бир адамдын ою ар башка да. Биз үйлөнгөндөн кийин эки жыл ата-энебиз менен чогуу жашадык. Ысык чайын берип, кол кабыш кылып жүрдүк. Анан окуу, жумушубузга байланыштуу шаарга кеттик. Ата-энем чыгармачылыгыбызга мыкты колдоо көрсөтүшөт.
А.М.: — Апам аябай жакшы адам, биздин жумушту түшүнөт. Той же башка иштер чыкса "балам, бар, кете бер, өзүм эле жасай берем" деп турат. Кайын журтта өз үйүмдөй эле жүрө берем.
Ата-эне менен тургандын да көп жакшы жактары бар. Маселен, мен апамдан киши сыйлап конок тосконду, катыш күткөндү үйрөндүм. Апабыз айылда "Шайыр апаларды" жетектейт. Өзү да ырдайт, мени да "келиним жакшы ырдайт" деп ырдатат (күлүп). Атам менин ырдаганымды биринчи ирет өзүнчө чакырып алып, ырдатып уккан. Чыгармачылыкты жакшы түшүнгөн адамдар.
Н.А.: — Барган сайын атам "тиги ырыңар, дуэтиңер эмне болду?" деп сурап турат. Биринчи неберелерин, анан биздин чыгармачылык тууралуу билгиси келет. Ал адамдар үчүн Айзада экөөбүздүн ээрчишип жүргөнүбүз маанилүү. Биз да өз кезегинде бат-баттан айылга барып, алардын ал-абалын сурап турабыз.
© Sputnik / Табылды КадырбековНурлан Алдаяров: Жакшы күндөрдө да, оор учурларда да сабырдуулук керек деп ойлойм. Анан туура чечим кабыл ала билген жакшы го.
Кыргызские певцы Нурлан Алдаяров и Айзада Муканбетова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Нурлан Алдаяров: Жакшы күндөрдө да, оор учурларда да сабырдуулук керек деп ойлойм. Анан туура чечим кабыл ала билген жакшы го.
— Турмушта өйдө-ылдый болот эмеспи. Тагдырдын ар кандай сыноосуна сынбай, үй-бүлө пайдубалын бекем кармоодо жубайлар ортосунда эмне маанилүү деп ойлойсуздар?
Н.А.: — Тирүү жан болгондон кийин адам баласынын башына ар кандай нерселер келет. Жакшы күндөрдө да, оор учурларда да сабырдуулук керек деп ойлойм. Анан туура чечим кабыл ала билген жакшы го.
Аял киши өз ордун билип, сени жакшы көрүп, балдарга жакшы эне болсо. Эркелесе да чектен ашпай эркелесе, ар бир баскан кадамы таза болсо. Ошол эле учурда эркек киши да аялын түшүнүп, колдоп жашаса, кандай кырдаал болбосун оңой өтүп кетет болушу керек.
А.М.: — Аял киши көтөрүмдүү анан чыдамкай болуш керек экен деп ойлоп калдым. Ошол эле мезгилде эркек дагы колдоо көрсөтүп турганы жакшы экен. Урушканга жол бербей, бири-биринин көңүлүн калтырбаганга аракет кылган да жакшы го. Бири-бириңди көтөрмөлөй билип, ишенип жашаш керек экен.
Жаңылыктар түрмөгү
0