Тууганбай Абдиевдин иниси Калыбек: түшүндө Токтогул оозуна алтын себелегенин айтчу

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргыз эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиевдин иниси Калыбек Абдиев
Кыргыз эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиевдин иниси Калыбек Абдиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Ак таңдай акын Тууганбай Абдиев кинодо да мыкты образ жаратып, Дооронбек Садырбаевдин "Махабат дастаны" фильминде Раймалынын ролун аткарган. Ал төкмөлүк менен катар дастан айтып, күүлөрдү ийине жеткире ойногон талант эле.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Кыргыз эл артисти, төкмө акын Тууганбай Абдиевдин иниси Калыбек Абдиев менен аңгеме дүкөн куруп, залкардын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу сүйлөшкөн.
— Ак таңдай акын Тууганбай Абдиевди биз кыргыздын багына жаралган улуу талант катары эстеп калдык. Бир тууганы катары сиз кандай дээр элеңиз?
— Бул киши улуу агам болот. Мен эки-үч жаш кезимде эле маданият тармагында иштөө үчүн үйдөн кеткен экен. Ошол 1953-жылдары Токтогул райондук маданият үйүнө ишке кирген. Кичинесинен өнөргө абдан кызыгыптыр. Ал кезде артисттерди эл "думана" деп койчу. Беш-алты айлап үйгө келбей, гастролдоп кетип калчу. Анан кийин эки-үч жылда бир концерт коюп биз жактагы маданият үйүнө келип калчу. Ошондо гана ичимдеги кусалыгымды, агама болгон сагынычымды чыгарып алчумун. Бир тууган катары бир топ баарлашып, мени алдыга үндөп, көп нерселерге дем берген.
© Фото / из семейного архива АбдиевыхАк таңдай акын Тууганбай Абдиев кинодо да мыкты образ жаратып, Дооронбек Садырбаевдин "Махабат дастаны" фильминде Раймалынын ролун аткарган. Ал төкмөлүк менен катар дастан айтып, күүлөрдү ийине жеткире ойногон талант эле.
Поэт-импровизатор, Народный артист Кыргызстана Тууганбай Абдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Ак таңдай акын Тууганбай Абдиев кинодо да мыкты образ жаратып, Дооронбек Садырбаевдин "Махабат дастаны" фильминде Раймалынын ролун аткарган. Ал төкмөлүк менен катар дастан айтып, күүлөрдү ийине жеткире ойногон талант эле.
— Комузчулук, дастанчылык, төкмөлүк, кийин ачылган актёрдук өнөрлөрү кимден өткөн? Сиздин кесибиңиз болсо врач экен...
— Сураштырып көрсөк, чоң аталарыбызда деле андай акындык эч кимисинде болгон эмес экен. Биринчи ушул Тууганбай акебизден чыкты. Өзү бала кезинен эле аябай кыймылдуу, бейбаш, тынч отурбаган бала болуптур. Ичинде бугу бардай томолонуп-жумаланып ырдай коймойу бар өзгөчө бала экен. Апам "мунун жүрүш-турушу элден башкача болчу" деп көп айтчу. Биздин Ничке-Сай айылынан таланттар көп чыккан. Өзү кичирээк айыл болгону менен үч-төрт жерде бөлүнүп үймөлөктөшкөн бир нече түтүн болор эле. Анан той-мааракелерде бири-бирин байма-бай чакырышчу. Эсимде, Малабаш деген акын бөлөбүз бар эле. Тойлорго артына он-он беш кишини ээрчитип, абаны жарып, заңкылдап ырдап келчү. Элдин баары акындын жөрөлгөсүн жасап, алдынан жарданып тосуп алып, аттан түшүрүшкөнүн көрчүбүз. Биздин айыл үчүн бул кадимки эле көрүнүш болчу. Тууганбай акем айылыбыздан чыккан Бекназар куудулду көрүп өстү. Таланттуу жаш балдарды шыктандырып, өнөрүн өстүргөн айылыбыздын ичинде уютку болгон. Азыркыча айтканда, ошол кездеги айылыбыздын таланттарга бай болгону да агама мектеп болуп берди. Азыр балдар компьютер менен окуп жатса, ал кезде биз элдин менталитети, нарк-насили, каада-салты менен тарбияланат элек да.
Айылда Байымбет, Үкү абалар укмуш комуз чертчү. Булар эки жакка чыгып концерт койбосо да, айыл ичиндеги чоң комузчулар эле. Анан алар да шыгын байкап, байкемди кошо ээрчитип комуз үйрөтүп, айылдагылар эле комуз чаап беришкен.
— Канча жашынан комуз черте баштаптыр?
— Кичинекей 3-5 жашынан эле таякты кармап алып ырдай берчү экен. Ошондо тиги агалар "кой, буга комуз чаап бербесе болбойт, чымыны бар экен" деп комуз да үйрөтүшкөн. Өзү кичинесинде түшүнө Токтогул кирип, оозуна шекердей таттуу алтын себелеп кеткенин айтып калчу.
© Sputnik / Жоомарт УраимовКалыбек Абдиев: Тууганбай акем айылыбыздан чыккан Бекназар куудулду көрүп өстү. Таланттуу жаш балдарды шыктандырып, өнөрүн өстүргөн айылыбыздын ичинде уютку болгон. Азыркыча айтканда, ошол кездеги айылыбыздын таланттарга бай болгону да агама мектеп болуп берди.
Калыбек Абдиев, брат Народного артиста Кыргызстана, поэта Тууганбая Абдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Калыбек Абдиев: Тууганбай акем айылыбыздан чыккан Бекназар куудулду көрүп өстү. Таланттуу жаш балдарды шыктандырып, өнөрүн өстүргөн айылыбыздын ичинде уютку болгон. Азыркыча айтканда, ошол кездеги айылыбыздын таланттарга бай болгону да агама мектеп болуп берди.
— Тууганбай Абдиев акындын жаштык доору, үйлөнүшү тууралуу маалыматыңыз барбы?
— Агам жаштайынан түз жүргөн, каада-салтты сактаган, аялзатына түз мамиле жасаган адам болчу. Эсенбү жеңебизден төрт кыз, эки уулдуу болду. Экөө жумуштан таанышкан. Ал убакта жеңебиз филармониянын алдындагы эки жылдык курста окуу үчүн Кочкордон келген экен. Ошондо агам жактырып калыптыр.
— Ал киши 34 жашында жогорку окуу жайына тапшырган экен. Мындай чечимди азыр деле оңой менен кабыл ала беришпейт го...
Кыргыз эл жазуучусу, сценарист, драматург Мар Байжиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.09.2021
Мар Байжиев: атамды алып кеткен КГБ аскерин кийин тааныдым, чогуу иштедик
— Ооба, туура айтасыз. Азыр жогорку окуу жайынын түрү көп. Ал убакта бир эле Кыргыз мамлекеттик университети бар эле. Ошол учурда жаш болсо да улуу таланттар менен иштеп калат, анан алар "кеч болуп кете электе окуп албайсыңбы" деген кеңеш бериптир. Ошентип мамлекеттик университеттин журналистика факультетине кирип, сырттан окуп бүтүргөн. Бул кишинин жакшы сапаттарынын бири — адамды билим алууга үндөп турчу. Айылга үч-төрт жылда бир келсе да борбордон мага атайын жакшы китептерди салып жиберер эле. Кат жазышып турчубуз. Жашаган жеринин дареги жок, анан филармонияга "Абдиеву Тууганбаю" деп кат жиберип койсок эле каттын жообу келе берчү.
Бир жолу Константин Юдахиндин 2-3 килограмм болгон кыргызча-орусча сөздүгүн жиберген. Ал шаарда жүрүп өз башынан өткөнбү, айтор, мени кыйналбасын деп орусча үйрөнүү керектигин айта берчү. Агамдын арты менен ал убакта айылда эң көп китеп окуган мен элем, өздүк китепканам да бар болчу. Айылдаштарым келип менден китеп сурап кетишчү. Азыр ошол китептеримдин айрымдары дагы деле сакталуу.
Мен бешке чыкканда Тууганбай акем мага түстүү карандаш жана дептер алып келип бергени эсимде. Ал кезде альбом жок болчу. Менин сүрөткө болгон кызыгуумду ушул киши козгоп, шыгымды ойготуп кеттиби деп да ойлоп коём.
© Фото / из семейного архива АбдиевыхКалыбек Абдиев: Филармонияда да куудул, ырчы аталган таанымал адамдар чакан эле топ болуп иштечү. Эстебес Турсуналиев, Ашыраалы Айталиев, Замирбек Үсөнбаев өңдүү төкмөлөр менен жакын болушту.
Поэт-импровизатор, Народный артист Кыргызстана Тууганбай Абдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Калыбек Абдиев: Филармонияда да куудул, ырчы аталган таанымал адамдар чакан эле топ болуп иштечү. Эстебес Турсуналиев, Ашыраалы Айталиев, Замирбек Үсөнбаев өңдүү төкмөлөр менен жакын болушту.
— Демек, бир айылдын китеп окуусуна Тууганбай Абдиевдин таасири тийиптир да. Ал эми акындын көкүрөктөгү талантын кырып-жонуп ийге келтирген устаттары ким болду экен?
— Агам Алтымыш Мундузбаевди алгачкы устаты катары айтчу. Мундузбаев да табигый талант эле. Азыр алтын фондуда сакталган ырлары бар. Ал да биздин айылдан. Ал эми негизги устаттарынын бири залкар акын Коргоол Досуев болгон. Коргоол абага тааныштырам деп биринчи Мундузбаев жетелеп барган экен. Илгери адамды карап туруп эле көз карашынан, сүйлөгөнүнөн "сен алыс барасың же дарамети аз" деп сынап койгон адамдар болор эле. Азыркы тапта суунун астында калган эски Токтогулдун борборунда чайканалар болгон экен. Мурда өзбек-кыргыз ошол жерде аралашып эле отурукташкан. Коргоол акын көбүнесе ошол чайканалардын биринде отуруп алып ырдап, тамаша куруп, элдин черин жазган да. Мундузбаев менен барган агам алгач акындын сүрүн көрүп эле кайра качып чыгат. Ал киши бир көзү жакшы көрбөгөн, бир караганда абдан сүрдүү киши болуптур. Алтымыш ага артынан чуркап чыгып, байкемди кайра алып кирип "мына, мен айткан бала ушул" деп, анан акын менен айтыштырыптыр. Кийин деле көпчүлүк ырларын ошол Коргоолдун айтканына салып сонун кылып аткарар эле. Анан Сарыкунан деген биздин айылдык акын да Тууганбай байкемдин өнөрүн байкап калып, кичинесинде бир жума үйүндө алып жүрүп дастанчылык өнөрүн үйрөтүптүр. Негизги устаттары ушулар.
© Фото / из семейного архива АбдиевыхКалыбек Абдиев: Үй-бүлөсүнө аябай жароокер болчу. Балдарынын экөө таенесинин, бирөө биздин колдо өсүп калды. Бирок аларга да абдан аяр мамиле кылып, наристени абдан сүйчү эле. Менин балдарымды да абдан бөпөлөдү.
Поэт-импровизатор, Народный артист Кыргызстана Тууганбай Абдиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Калыбек Абдиев: Үй-бүлөсүнө аябай жароокер болчу. Балдарынын экөө таенесинин, бирөө биздин колдо өсүп калды. Бирок аларга да абдан аяр мамиле кылып, наристени абдан сүйчү эле. Менин балдарымды да абдан бөпөлөдү.
— Үйдө кандай киши эле?
— Таза сүйлөп, ачык айтып, каерде болбосун хандан, бектен кайра тартпаган киши эле. Бир жолу мен Оштон Фрунзеге келип калып, абдан сыйлуу адамдарды коноктодук. Кирип-чыгып кызмат кылып жүрөм. Анан агам "кечке кызматта жүргөндөр чарчады, көңүлдүү отурсун" деп меймандарга акындардын, илгерки залкарлардын сонун окуяларынан эскерип, күлдүрүп отурду. Өзү абдан кыраакы киши болчу, коноктордун арасында бир министр чыртыйып эле жактырбай отурганын байкайт. Тигини-муну айтса деле керкейет имиш. Бир убакта агам эшикке чыгып эле "жүрчү, Каке" деп мени ээрчитип кетти. Көрсө, жанагы министрди "эк, сендей министр менен отургандан көрө эшикке чыгып бир тамеки чегип келгеним жакшы" деп урушуп чыгып кетиптир. Анан үч-төрт министрдин эң аксакалы, сыйлуусу берки министрге (атын айткым келбей турат): "Ай, баланча, сен антип акындын көңүлүн калтырба. Бул акын деген илгертеден эл сыйлаган адам болот", — деп кайра аны ийге келтирип коюптур. Ошентип жарым сааттан кийин агам дасторконго кирип, кайра эле бапылдашып, сөзүн улап кеткен. Бул киши ичине кир сактачу эмес.
Экинчиден, аябай жароокер, жашык болчу. Жакындардын бирөө ооруп калса "айланып гана кетейин, каралдым, эмне болуп калдың" деп ыйлап да жиберчү эле.
Үй-бүлөсүнө аябай жароокер болчу. Балдарынын экөө таенесинин, бирөө биздин колдо өсүп калды. Бирок аларга да абдан аяр мамиле кылып, наристени абдан сүйчү эле. Менин балдарымды да абдан бөпөлөдү.
Дос күткөндө да байлыгына, колунан иш келер-келбегенине карабай жүрөгүнө жакын, көңүлү сүйгөн, абдан жөнөкөй адамдар менен дос болду. Эң жакын досу Таласта жашаган Жанкороз аке, экинчиси жумгалдык Тыным аке. Экөө тең эле айылда жашаган, бири механик, экинчиси бухгалтер эле. Азыр булардын да көзү өтүп кетти. Азыр балдары катташып турушат.
© Sputnik / Жоомарт УраимовКалыбек Абдиев: Акем төрт акындан башка акын жок болуп турганда аябай санаа тартты. Анан айылдагы Койлубай деген агама таланттуу балдарды карап жүр деп табыштаган эле. Ошол агам анан Элмирбекти таап берип жатпайбы. Элмирбек да тубаса талант, биринчи шакирти болду.
Калыбек Абдиев, брат Народного артиста Кыргызстана, поэта Тууганбая Абдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Калыбек Абдиев: Акем төрт акындан башка акын жок болуп турганда аябай санаа тартты. Анан айылдагы Койлубай деген агама таланттуу балдарды карап жүр деп табыштаган эле. Ошол агам анан Элмирбекти таап берип жатпайбы. Элмирбек да тубаса талант, биринчи шакирти болду.
— Сахналаштарынан кимдер менен ынак эле?
— Филармонияда да куудул, ырчы аталган таанымал адамдар чакан эле топ болуп иштечү. Эстебес Турсуналиев, Ашыраалы Айталиев, Замирбек Үсөнбаев өңдүү төкмөлөр менен жакын болушту да. Бул кишини эң биринчи филармонияга алып келген Токтосун Тыныбеков эле. Ал кишини бир тууганындай жакшы көрчү.
Төрт акындан башка акын жок болуп турганда аябай санаа тартты. Анан айылдагы Койлубай деген агама таланттуу балдарды карап жүр деп табыштаган эле. Ошол агам анан Элмирбекти таап берип жатпайбы. Элмирбек да тубаса талант, биринчи шакирти болду. Шакирт тандоо да жоопкерчиликтүү маселе да. Андан башка Азамат, Аалыларга сабак берип калды.
— Көпчүлүк биле бербеген өнөрү да болсо керек?
— 16-17 жаш кезинде райондун борбордук маданият үйүнө актёр катары кирген. Кийин Жалал-Абад драма театрына которулат. Актёр Бакирдин Аалиевдер да ошол кезде Жалал-Абадда иштеп, кийин Нарын драма театрына кетишкен экен. Беш жылдай спектакль, интермедияларда роль аткарып жүрүп, анан Токтосун Тыныбеков талантын байкап калып Фрунзеге алып келип жатпайбы. Ошол филармониядан акындык өнөргө толук киришти. Ал кезде филармониянын кышкы жана жайкы залы бар эле. Жайкы залы азыркы Панфилов паркынын ордунда болчу. Мен көп барчумун. Ошол кезде Мар Байжиев аксакалдын "Керегем, сага айтам, келиним, сен ук" деген жалаң интермедиядан турган концерттик программасын коюшту. Социализм заманына жараша сындаган жагы да бар тамашалуу кечени эл да каткырып күлүп жакшы кабыл алар эле. Кийин эле чоңдорго жакпай калганбы, айтор, жабылып калды. Ошондо Тууганбай агам интермедияларда роль аткарып чыкчу. Ал кишинин талантын байкаганбы, Дооронбек Садырбаев ошол интермедиядан кийин өзүнүн фильмине башкы ролго ("Махабат дастаны", Раймалы — ред.) тандап алган.
© Sputnik / Жоомарт УраимовКалыбек Абдиев: Алдыда 85 жылдыгы болот. Мурда ушундай таланттарга өзү жашаган аймактан бир көчөнүн же мекеменин аты берилчү эле. Агамдын 80 жылдыгында да аябай жүгүрдүк, эч бир майнап чыккан жок. Ушул жагын да жогору жактагылар чечип берсе болмок.
Калыбек Абдиев, брат Народного артиста Кыргызстана, поэта Тууганбая Абдиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Калыбек Абдиев: Алдыда 85 жылдыгы болот. Мурда ушундай таланттарга өзү жашаган аймактан бир көчөнүн же мекеменин аты берилчү эле. Агамдын 80 жылдыгында да аябай жүгүрдүк, эч бир майнап чыккан жок. Ушул жагын да жогору жактагылар чечип берсе болмок.
Агам кичинесинен орто бойлуу, чымыр денелүү бала болчу. Бала кезинен эле ат чабыштарга түшүп, аттуу-баштуу кишилердин күлүктөрүн чаап, ат оюндарына аралашып калган экен. Кийин бокска да барыптыр. Бир кезде элде курсак тойгузуу көйгөйү болгон. Фрунзеге келгенде да ачка калбастын амалы кылып чечендер менен мушташып, алардан таяк жебеш үчүн анан аргасыздан бокска барганын айтчу.
Дочь комузиста Нурака Абдрахманова, мелодистка Ширин Абдрахманова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2021
Нурак Абдрахмановдун кызы Ширин: байбичелеринин акылмандыгы бизди бириктирди
Бир жолу Суусамырда күз майрамы болуп, 24 жашында эңишке түшүп калыптыр. Ичинде кайнап турса керек,  үч-төртөөнү дароо эле аттан алып түшөт. "Андан кийин мага эч ким чыкпай, ары-бери бастырып тим эле болбой жатам. Эл арасында "бул ким? Фрунзеден келиптир, артист экен" деп күбүр-шыбыр болуп жатат. Бир убакта намыстанышып, салмагы 120-140 килограммдай бирөөнү алып келишти. Башында чочуган деле жокмун. Анан саламдашканда эле колун ээрдин кашына бассам, тиги кыймылдап да койгон жок. Бир убакта карасам, ээрден көтөрүлүп баратам. Көрсө, сол колу менен белимдеги курдан кармап көтөрүп алыптыр. "Байке, жерге тыштай көрбөңүз, өлүп калам" десем эле тиги балбан да күлүп жиберди. Кайра ээрге отургузуп койгондо "өх" дедим", — деп күлүп айтып калчу. Кийин ал кишинин аты-жөнүн сураштырып, Таласка барган маалында айылына атайын түшүп, аксакалга өткөн окуяны эстетип, күлдүрүп, батасын алып келиптир.
— Агаңыздын балдарынын, небере-чөбөрөлөрүңүздөрдүн арасынан өнөр аркалачулар чыкчудайбы?
— Эми биздин балдар деле колуна комуз кармап ырдап жүрүшөт. Бирок бул кишинин деңгээлиндеги таланттын чыгышы кыйын го. Кудай буюрса, чыгып калар. Алдыда 85 жылдыгы болот. Мурда ушундай таланттарга өзү жашаган аймактан бир көчөнүн же мекеменин аты берилчү эле. Агамдын 80 жылдыгында да аябай жүгүрдүк, эч бир майнап чыккан жок. Ушул жагын да жогору жактагылар чечип берсе болмок. Ушуга чейин эч жерге аты берилген эмес.
Маекти толугу менен Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринен да уксаңыздар болот:
Жаңылыктар түрмөгү
0