Мэрия: Бишкектеги отун базаларында 2 000 тонна көмүр бар

© AFP / STRКөмүр. Архив
Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Муниципалитет Бишкекте алты отун базасы, жети стационардык пункт иштеп жатканын айтып, жакында жаңы конуштарда көмүр саткан дагы 35 стационардык пункт уюштурула турганын кошумчалады.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Мэриянын маалымат кызматы Бишкектеги отун базаларында 2 000 тонна көмүр бар экенин айтып, шаардыктар ал жактан жергиликтүү да, Казакстандан келген көмүрдү да таба аларын белгиледи.
Билдирмеге караганда, кара алтындын бир тоннасы азыр 4 500 сомдон бааланууда.
"Көмүр күндө ташылып жатат. 4 500 сом деген бааны кармап туруу үчүн мэрия Экономика жана финансы министрлигине мамлекеттик көзөмөл киргизүү тууралуу кат жөнөткөн. Биргелешкен иш-аракеттер менен бааны себепсиз көтөргөндөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, укук коргоо органдарына кара алтындын наркын себепсиз жогорулаткандарга чара көрүү боюнча кат жиберилген. Мэрия кара алтындын баасына көз салып турат", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет Бишкекте алты отун базасы, жети стационардык пункт иштеп жатканын айтып, жакында жаңы конуштарда көмүр саткан дагы 35 стационардык пункт уюштурула турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0