15:45 07 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7942
  • EUR95.7496
  • RUB1.1510
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандагы коронавирус (200)
73 0 0

Илдет илештиргендердин басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында катталган. Азыркы тапта 449 киши ооруканаларда дарыланууда.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 93 кишиден коронавирус табылып, 66 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 71;
  • Чүй облусу – 6;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 10.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 281ге жетти. Анын ичинен 174 019 адам дартты жеңген. Кечээтен бери COVID бир бейтаптын өмүрүн алды. Аны менен жалпы 2 619 киши коронавирустун курмандыгы болду. Учурда стационарда 449, ал эми амбулатордук шартта 702 адам дарыланып жатат.

Өткөн сутка ичинде 7 170 адам коронавируска каршы эмделген. Анын ичинен 4 418и биринчи дозасын алса, 2 752 адам экинчи компонентин сайдырды.

Тема:
Кыргызстандагы коронавирус (200)

Тема боюнча

Бишкекте сасык тумоого кабылгандар көбөйдү. Вакцинаны кайдан алса болот
COVID менен ооруган эркек балалуу болууга качан кам урушу керектиги айтылды
ДССУ Европаны мөөнөтү өткөн вакциналарды Кыргызстанга жөнөтпөөгө чакырды
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оору, статистика, бейтап

ЭҢ МААНИЛҮҮ