Октябрда көмүр былтыркыдан 16 пайызга кымбаттады. Аймактарда канчадан сатылууда

© Sputnik / Александр ПатринКөмүр түшүрүү
Көмүр түшүрүү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Кара алтындын наркы бир жылдын аралыгында Кербен шаарында бир тоннасы 2 603,1 сомго, Жалал-Абадда 1 652,1 сомго жогорулаган.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Улуттук статистика комитети көмүрдүн баасы орто эсеп менен былтыркыдан 16,1 пайызга өскөнүн маалымдады.
Статистикада импорттук жана жергиликтүү көмүр 7-октябрга карата өлкөнүн 18 калк жашоочу аймагында канчадан сатылып жатканы жазылган. Ага ылайык, бир тоннасы 715,8 сомго кымбаттаган.
Жок калыптыр, кымбат сатылууда! Көмүр ала албай карайлаган элдин видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.10.2021
Жок калыптыр, кымбат сатылууда! Көмүр ала албай карайлаган элдин видеосу
Эң арзан көмүр Чаек айылында (бир тоннасы 2 500 сом), Балыкчыда (4000 сом) жана Токтогулда (4373,2 сом) сатылууда. Ошол эле учурда эң жогорку баа Ноокатта (8 390,2 сом), Баткенде (8 377,7 сом) жана Исфанада (6 500 сом) байкалды.
Кара алтындын наркы өткөн жылдын октябрь айына салыштырмалуу Кербен шаарында (бир тоннасы 2 603,1 сомго же 1,7 пайызга), Жалал-Абадда (1 652,1 сомго же 34,7 пайызга), Нарында (1000 сомго же 28,6 пайызга) жана Баткен калаасында (тоннасы 1 739,6 сомго же 26,2 пайызга) кымбаттаган.
Ал эми Талас шаарында 61,8 сом же 1,1 пайызга арзандаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0