Көтөрүлгөн кан басымды дарысыз түшүргөн ыкмалар. Адистин кеңеши

© AFP / ALEX EDELMANДарыгер бейтаптын кан басымын өлчөп жатат. Архив
Дарыгер бейтаптын кан басымын өлчөп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Соломатина ашкабактын, картошканын, помидордун ширеси кан басым көтөрүлүп кеткенде пайдалуу экендигин айткан.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жогорулап кеткен кан басымды түшүрүүгө дары-дармектерден сырткары жашылча-жемиштин ширеси жакшы жардамчы боло аларын диетолог дарыгер Елена Соломатина Москва-24 сайтына айтып берген.
Ал санап берген ширелердин курамында калий болгондуктан аталган көйгөйдү чечүүгө өзүнүн көмөгүн көрсөтөт.
"Апельсин ширесинде калий, канды суюлта турган С витамини бар. Алар кан тамыр аркылуу оңой жүрө алгандыктан жогорулап кеткен кан басымды түшүрүүнү шарттайт. Себеби кан коюулана баштаганда организмдеги суюктуктун азайып кетишин жана кан айлануунун бузулушун алдын алып, анын деңгээлин көтөрөт", – деп түшүндүргөн Соломатина.
Адистин айтымына караганда, антиоксидант касиети бар калина, жемиштүү майда бадалдын бир түрү болгон голубика, четиндин кара ашы да бул көйгөйдөн арылууга жардам бере алат. Андан сырткары, сельдерей менен шпинаттын ширесин даярдап алса болот.
Соломатина ашкабактын, картошканын, помидордун ширеси кан басым көтөрүлүп кеткенде пайдалуу экендигин айткан. Калий алманын курамында кездешерин да кошумчалаган.
Көз текшерүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Көз кургап, тери бузулуп... Организмге А витамини жетишпесе эмне болот
Диетолог төмөнкү ширелер да аталган кеселге табигый дабагер катары белгилүү экенин айткан.
"Капустанын, сабиздин, кызылчанын ширелери азот оксидинин таасиринен улам кан басымды түшүрүүгө жардамчы болот. Себеби ал кан тамырларды кеңейтип жиберет", – деп түшүндүргөн дарыгер.
Адис жогоруда саналган ширелерди дүкөндөн албастан, кол менен жасалышы керектигин, себеби сатыктагы продукцияларга кант көп кошула тургандыгын эскерткен.
Буга чейин кардиолог Юлия Маршинцева да суюктукту көп ичүү кан басымды түшүрүүнүн эң жөнөкөй жана жеткиликтүү ыкмасы деп атаган эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0