25 градуска чейин жылыйт. Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы. Архив
Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Өлкөнүн көпчүлүк аймагында дүйшөмбү күнү кар аралаш жамгыр жаайт. Шаршембиден тарта күн жылый баштайт.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, Бишкек шаарында 11-октябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн. Андан ары жуманын соңуна чейин күн ачык болот.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 12-октябрда 14 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй облусу

11-12-октябрда кээ бир аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Ошол бойдон 16-октябрга чейин жаан-чачын болбойт.

Талас облусу

11-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаап, күндүзү күндүн көзү ачылат. Андан ары ишембиге чейин жаан жаабайт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

11-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр жаап, тоолуу жерлерге кар түшөт. Ошол бойдон апта аягына чейин күн ачык турат.
Гүл жайнаган Бишкекке жааган кар. Шаардын асмандан тартылган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2021
Гүл жайнаган Бишкекке жааган кар. Шаардын асмандан тартылган видеосу
Ысык-Көл облусу
11-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 12-октябрда кээ бир райондордо жаан-чачын болот.
13-октябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт. 14-октябрдан тарта күн ачылат.

Нарын облусу

11-октябрда түнкүсүн кээ бир аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Ошону менен жаан-чачын токтоп, жуманын аягына чейин күндүн көзү бузулбайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0